КИТЕП КҮНҮНДӨ ӨТКӨН МЕЛДЕШ

  • 24.04.2021
  • 0

Аксы районундагы мектептерде үй-бүлөлүк окуу клубдарынын арасында мелдеш болуп өттү.

23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арнап Аксы райондук билим берүү бөлүмү USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору менен биргеликте атайын мелдеш уюштурду. Үй-бүлөлүк клубдун катышуучулары анда китеп окуу жана анын турмуштагы таасирин, билим алуудагы маанисин даңазалашты.

КИТЕП КҮНҮНДӨ ӨТКӨН МЕЛДЕШ — Аты айтып тургандай эле, үй-бүлөлүк окуу клубдарынын мүчөлөрү, тагыраак айтканда, балдар, алардын ата-энелери мелдештин алкагында берилген тапшырмаларды чыгармачылык менен аткарышты. Бул иш-чарага долбоордун Жалал-Абад аймактык координатору А.Алимбеков, тренингдер боюнча адис А.Калыбекова, КТИ уюштуруу адиси Э.Айылчиева жана улуттук тренерлер катышты, — дейт, райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Уулкан Жанузакова.

КИТЕП КҮНҮНДӨ ӨТКӨН МЕЛДЕШ

Мелдеште Ш.Тойматов атындагы орто мектептин Бүчүр үй-бүлөлүк тобу жеңишке ээ болду. Долбоордун кызматкерлери жеңүүчүлөргө Ардак грамоталарды, кызыктуу китептерди тапшырышты.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер