КИТЕП, ИЛИМ — ТИЛСИЗ МУГАЛИМ
- 23.04.2020
- 0
Жалал-Абад облусундагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 7 «а» классынын окуучулары 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата аралыктан болсо да мыкты иш-чара уюштурушту.
Эл аралык китеп күнүн утурлап, аталган мектеп-гимназиянын 7″а»классынын окуучулары Куштарбек Кимсановдун «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» китебин окуп чыгып, достору менен ой бөлүштү.
Видео кайрылуудагы окуучулардын ойлоруна орун берсек:
— Айрым адамдар: «Азыркы жаштардын тарбиясы жок» дешет. Бирок өздөрү үлгү көрсөтүшпөйт.
— Тарбия берүүдө ата-энелер биримдүү болушу керек. Биринин талабын экинчиси колдоосу зарыл.
— Сиздер бизге кандай тарбия берсеңиздер, биз, окуучулар, ошондой болуп жетилебиз.
— Финляндияны ар убак күч-кубаттуу өлкөлөр курчап турган. Мындай айырманы финдер маданиятын жогорулатып жеңишкен….
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер