КИТЕП ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ

  • 23.04.2021
  • 0

“23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө»   карата Кочкор районундагы Ак-Чий орто мектебинде китеп көргөзмөсү уюштурулду.

КИТЕП ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ

КИТЕП ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ

— Бул иш-чараны уюштурган мектептин китепканачысы Конокбаева Сагын китептин пайда болушу, жаралышы, китеп жөнүндө кызыктуу фактыларга, китептин салмагы, чоңдугу, сакталуусу, кандай материалдардан жасалышы тууралуу жана азыркы мезгилге чейинки тарыхы жөнүндө айтып берди. Мектеп окуучулары ар кандай жомок  китептерден өзүлөрүнө жаккан темаларды  көркөм окуп беришти.  Ошондой эле кээ бир окуучулар өзүлөрү чыгарган үй жаныбарларын, жаратылыш, ата-эне жөнүндө ырларды, жомокторду окуп беришип, мектеп администрациясы тарабынан жомок китептерди белекке алышты. Китептер жөнүндө дубал газеталарды чыгарып, колго жасалган кичинекей китептердин көргөзмөсү болду. Окуучулар арасында китептин жакшы жактары, ошондой эле колдонуп жүргөн китеп менен электрондук китептин айырмачылыктарын талкуулашты, — дейт мектептин директору Дайырбек Айдарбеков.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер