КИТЕП – БИЗДИН ДОСУБУЗ

  • 24.04.2019
  • 0

20-апрель күнү ЮСАИДдин «Келгиле, окуйбуз » долбоорунун алкагында 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Китеп — биздин досубуз » аттуу окуу фестивалы Кочкор районунун Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында өткөрүлдү.

КИТЕП – БИЗДИН ДОСУБУЗ

Фестивалга » Келгиле, окуйбуз» долбоору менен иштеп келе жаткан райондогу 11 мектептен 59 мугалим 1163 окуучу ушул долбоордун алкагында иш алып барышууда. Долбоорго катышкан ар бир мектептин окуучулары жана  мугалимдери долбоордогу 10 модуль боюнча жасашкан ар кандай көрсөтмө куралдары, колго жасалган китептери, ата-энелер, демөөрчүлөр тарабынан белекке берилген китептери  фестивалдын  көргөзмөсүнө коюлду. Долбоор менен иштеп келе жаткан мектептер — «Тыбышты кабыл алуу», «Алфавит менен таанышуу», «Сөз байлыгы», «Шар окуу», «Окуганын түшүнүү», «Инсанга багытталган окутуу», «Калыптандыруучу баалоо», «Кайтарым байланыш «, «Башталгыч класстар үчүн окуу боюнча кошумча материалдарды классификациялоо», «Башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн калыптандырууга ата- энелерди жана коомчулукту тартуу» деген темадагы модулдар боюнча окуучулар  сценкаларды коюп, аткаруучулук,  көркөм айтуу жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү.

КИТЕП – БИЗДИН ДОСУБУЗ

КИТЕП – БИЗДИН ДОСУБУЗ

Дайырбек Айдарбеков, Кочкор району

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер