КИТЕП — БИЛИМ БУЛАГЫ
- 13.03.2021
- 0
«Жыл мугалими-2021» сынагы быйыл Кара-Көл шаарында башкача нукта өтөт.
Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмү сынакка катышууга белсенген ар бир мугалимге «Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт» аттуу китепти окуп чыгууну сунуштады.
— Бизде мугалимдердин баары ушул китепти кызуу окуп жатышат. Бул китеп ар бир мугалимдин китеп текчесинде турса деген изги тилегибиз бар. Алдыдагы кесиптик сынакта да конкурсанттарга берилчү бир тапшырма ушул китептен болмокчу, — дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Алымкан Мырзалиева.
А. Алибеков, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер