КГПИДЕ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ

  • 17.03.2021
  • 0

Баткен мамлекеттик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, доцент А.Т.Гыязовдун 2021-жылдын 15-мартындагы (№03-05/66)  буйругуна ылайык,  педагогика илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Максутов Замирбек Нурмаматович Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун директору кызматына дайындалды

Жаңы жетекчи буга чейин ушул эле окуу жайда директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеген. Окуу жайдын  өркүндөп-өнүгүүсү, коллективдин ынтымагын бекемдөө башкарган адамдан көз каранды экендиги белгилүү. Ошондуктан окуу жайдын жалпы жамааты бул кызматтын абдан жооптуулугун белгилешип, З.Н.Максутовго бул жолдо калыстык, көрөгөчтүк, компетенттүүлүк менен ишти алып кетерине зор ишеним артышат.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-март күнү БатМУ КГПИнин мурдагы директору Ж.М.Исаков жогорку кызматка которулгандыгына байланыштуу, өз арызынын негизинде, жумуштан бошотулган.

Суюнова Айкөкүл, БатМУ КГПИнин пресс секретары

Бөлүшүү

Комментарийлер