КГПИДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛДУ

  • 13.03.2021
  • 0

2021-жылы 11-12-мартта БатМУнун Кызыл-Кыядагы гуманитардык-педагогикалык институтунда онлайн/офлайн түрүндө жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү.

КГПИДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛДУ

Жыйында окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы менен ата-энелер ортосунда бир канча маселелер боюнча талкуу болду.

Институттун администрациясы жана факультеттердин декандары тарабынан ата-энелерге БатМУга караштуу КГПИнин миссиясы, билим берүү программалары, жараяны, шарттары, институттун азыркы учурдагы абалы жана алдыга койгон приоритеттүү максаттары тууралуу маалыматтар берилди.

КГПИДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛДУ
Ал эми ата-энелер балдарынын, студенттердин, толук кандуу билим алуусу үчүн кандай муктаждыктар бар экенин, окуу жай тарабынан эмнелер аткарылышы зарылдыгын айтып өтүштү.

Бул сунуштарды окуу жайдын жетекчилиги кабыл алып, аларды чечүү үчүн болгон мүмкүнчүлүк толук жумшаларын белгиледи.

КГПИДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛДУ
Чогулуштун соңунда ар бир адистик боюнча профилдик ата-энелер комитети түзүлүп, мындан ары тыгыз байланышта иш алып баруу бүтүмүнө келишти.

Суюнова Айкөкүл, БатМУ КГПИнин басма сөз катчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер