КФУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ОШМПУДА

  • 06.04.2022
  • 0

Казань Федералдык университетинин делегациясы Ош мамлекеттик педагогикалык университетине иш сапары менен келди.

КФУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ОШМПУДА

Иш сапардын алгачкы күнүндө КФУнун Елабуга институнун ректору Елена Мерзон менен бирге өкүлдөр Алесья Геннадьевна, Кристина Мавриковнаны окуу жайдын жетекчилиги кабыл алып, кызматташууну арттыруу багытында сүйлөшүүлөр жүргөн соң, университеттин жалпы базасын тааныштырды. Коноктор жыйындар залында профессордук-окутуучулук курам менен таанышып, университет тууралуу кенен маалымат алуу менен, эркин маек курушту.

Аны улай музыкалык-педагогикалык факультетинин “Кербен” фольклордук тобу тарабынан эки улуттун достугун чагылдырган концерттик программага күбө болушту. Елена Мерзон ОшМПУнун жамааты абдан жылуу кабыл алганын жана алдыдагы күтүлүүчү иштер боюнча өз пикирин билдирип өттү.

“Биздин кызматташуу январь айында башталган. Ошол убакта Бекмурза Бекболотович менен пландаган иштер азыр иш жүзүнө ашып жатат. Учурда биз университеттин чоң тобун окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу курсуна кабыл алууга даярданып жатабыз. Эң негизги максат биз биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууну макулдашып, ОшМПУнун бүтүрүүчүлөрүнө Елабуга институтуна магистратурага тапшырууга жана абитуриенттерге окууга мүмкүнчүлүк жаратып берүү болуп саналат”, — деп билдирди Елена Мерзон.

Жолугушуунун экинчи бөлүгү семинар менен уланды. Мында Елена Мерзон КФУ тууралуу баяндама жасап, окутуучуларга педагогикалык багытта тренинг өтүп, катышуучуларга сертификаттарды тапшырды. Мындан ары өкүлдөр ОшМПУнун окутуучулары менен бирге Ош облусунун райондорунда мектеп мугалимдерине семинарларды өтүп келишмекчи.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 19-октябрында ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев КФУнун өкүлдөрүн кабыл алып, бирге кызматташуу үчүн келишимге кол коюшкан. 2022-жылдын январь айында Бекмурза Зулуев жана ОшМПУнун Тышкы байланыштар департаментинин жетекчиси Турсун Субанов Казань федералдык университетине жумушчу сапары менен барып келишкен. Натыйжада эки окуу жай ортосунда тажрыйба алмашуу жүрүп, илимий конференцияларды уюштурулат.  Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, абитуриенттерди, магистрлерди кабыл алып билим чөйрөсүн кеңейтүү өңүтүндө иштер аткарылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер