КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЖАҢЫ ИННОВАЦИЯЛЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
- 22.10.2025
- 0
Бүгүн Кыргызстан эл аралык университетинде «U Nexus Hub» инновациялык борбору ачылды. Ачылуу салтанатына КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Байсалов, КР илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Б.Орозов, “МУК” академиялык консорциумунун көзөмөлдөө кеңешинин төрагасы А.Айдаралиев ж.б. катышты.
Бул стартап борбору «Инновациялык академиялык кластерди түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетин модернизациялоо» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун биринчи этабы. Долбоор жогорку билимде жана илимде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмин колдонуунун өлкөдөгү биринчи мисалы болуп калды.
Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети билимдин, илимдин жана бизнестин потенциалын бириктирген “Университет 4.0” концепциясын ишке ашырууну улантууда.
Эл аралык университет биринчи жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк моделин ишке ашырууда. Тартылган инвестициялар инфраструктураны модернизациялоого, университетти санариптештирүүгө, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатууга жана университеттин академиялык автономиясын кеңейтүүгө жумшалууда.
Долбоордун өзгөчөлүктөрү:
- жогорку билим берүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин ишке ашыруу;
- университетти академиялык инновациялык борборго айландыруу;
- чет өлкөлүк инновациялык бизнес үчүн инвестициялык аянтчаны түзүү,
- университетте жаңы экосистемасын калыптандыруу;
- эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу жана архитектуралык эстеликти сактоо.
Долбоордун алкагында Бишкектин архитектуралык эстелиги толук реконструкциялоо жүргүзүлүп, ал инновациялык академиялык бизнес борборуна айланган.
Эл аралык университет биринчи жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк моделин ишке ашырууда. Тартылган инвестициялар инфраструктураны модернизациялоого, университетти санариптештирүүгө, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатууга жана университеттин академиялык автономиясын кеңейтүүгө жумшалмакчы.
ЖЫЛДЫЗБЕК кызы Салия,
Наргиза ДААНАЕВА,
“Кут Билим”






Комментарийлер