КЭУДА СПИДГЕ КАРШЫ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

  • 06.12.2017
  • 0

1 декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Жаштар менен иштөө комитети Республикалык студенттик поликлиникасынын дарыгерлери менен биргеликте таанып-билъъчълък иш-чарасын өткөрдү.  

Маалымат менен камсыз кылуу максатында өткөрүлгөн иш-чарада студенттерге бул илдеттин кайсыл учурда жугуп, кайсыл учурда жукпай тургандыгы, андан сактануунун жолдору, оорунун алдын алуу  тууралуу маалымат берилди. Андан сырткары студенттер тарабынан даярдалган сергек жашоо, илдетке кабылгандарга карата мамиле тууралуу театрлаштырылган оюн көрсөтүлдү.

Ушул эле күнү “СПИД – 21-кылымдын чумасы” аттуу дубал газеталардын сынагы өтүп, студенттер алдын ала тартылган видеороликке дагы күбө болушту. Иш-чаранын акырында бардык катышуучуларга дипломдор, сыйлуу белектер берилди. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер