КЭУда ФРАНКОФОНИЯ ЖУМАЛЫГЫ

  • 20.03.2019
  • 0

Бишкекте 11-16 март күндөрү салт болуп калгандай,  La Semaine de la Francopfonie —  Франкофония жумалыгы  болуп өттү. 

КЭУда ФРАНКОФОНИЯ ЖУМАЛЫГЫ

Француз тили дүйнөдөгү эң бир бай жана уккулуктуу тил экендиги баарына маалым. Француз тилин үйрөнүүгө шарт түзүп, кызыктыруучу ар кандай  түрлүү  иш-чараларды  камтыган “Франкофония жумалыгы” Француз Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги, Бишкектеги Француз Альянсы, Швейцария, Белгия өлкөлөрүнүн элчиликтери, Евробиримдиктин жардамы менен өткөрүлүүдө. Бул майрам ошондой эле француз тили менен катар бул тилде сүйлөгөн элдердин улуттук маданиятын, нарк-дөөлөттөрүн, башка жетишкендиктерин пропагандалоону көздөйт.

КЭУда ФРАНКОФОНИЯ ЖУМАЛЫГЫ

Россия кинотеатрында  болгон кечеде Франциянын  элчиси Микаэль РУ, Швейцария жана Евробиримдиктин өкүлдөрү конкурстардын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырышты.  Келген меймандар “Кофенин өңүндөй” тасмасын көрүштү, андан кийин сый тамак берилди.

Франкофония  жумалыгы Кыргызстанда  башталган жылдарда  эле биринчилерден болуп М.Рыскулбеков атындагы  Кыргыз Экономикалык Университети кызматташууга өткөн. Жыл сайын  «Франция элдеринин тамак-ашы»  иш чарасы өткөрүлөт.  Биздин студенттер француздар менен биргеликте француз тамактарын өз колдору менен даярдашат. Ошондой эле эки жылдан бери КЭУнун чоң залында  француз ырларынын конкурсу өткөрүлүүдө. Бул жолу ыр кечеге Француз  Республикасынын  Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру жубайы Татьяна  Ру менен келип катышты.

КЭУда ФРАНКОФОНИЯ ЖУМАЛЫГЫ

Франкофония жумалыгы Кыргызстанда он беш жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Франкофония деген сөз өзү 1880-жылдары чыккан.  Анын автору Түндүк Африканы жана Францияны изилдеген француз географы  О.Реклю. Аталган окумуштууда дүйнө элдерин жашоодо тилдерине карата  бөлүштүрүү максаты  пайда болгон.

                      Бектурова Ч., КЭУ нун чет тилдер кафедрасы, француз тилинин  окутуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер