КЭУДА АЙМАКТАРДЫН КАРЖЫ САЯСАТЫ ТАЛКУУЛАНДЫ 

  • 22.11.2018
  • 0

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде «Региондордун мамлекеттик каржы саясаты: бүгүнкүсү жана келечеги» аттуу жаш изилдөөчүлөрдүн эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын  жогорку окуу жайларынын жаш   изилдөөчүлөрү жана Германия, Орусия, Кытай, Казакстан мамлекеттеринен жаш окумуштуулар он-лайн режиминде катышышып, видео докладдарды окушту.  Ошондой эле Айыл Банктын, АКБ “Кыргызстандын”, Бажы кызматынын, Экономика министрлигинин, Каржы  министрлигинин өкүлдөрү катышты. Пленардык жыйында эл аралык «Digital Asset Exchange” корпорациянын президенти Юэ Хефу «Blockchain” технологиясын Кыргызстандын рыногуна  киргизүү боюнча жазылып жаткан иштери боюнча билдирүү жасаса «Аlibfba» корпорациясынын өкүлү  доктор Вонг Чаобо санариптик технологиялар боюнча кызыктуу баяндама окуду.Андан сырткары КЭУ менен «Digital Asset Exchange” корпорациясынын ортосунда блокчейн окуу борборун ачуу боюнча кол коюлду. Келишим боюнча санариптик биржа үчүн адистерди окутуу каралган. Жыйындын экинчи бөлүгү тогуз секцияда уланып, ар биринде мыктылар аныкталды.  Алар  каржы  мекемелерде  жана ар кандай бизнес уюмдарда  практика өтүү үчүн сертификаттар,  сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер