КЭУ “ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН” ТАЙМАШЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ ДЕП ТАБЫЛДЫ

  • 21.12.2020
  • 0

Учурдагы ааламдашуу заманында дүйнө элдеринин ар бири улуттугунан ажырап калбоо аракетинде. Улут  өзөгү – улуттун саламаттыгы, улуттук тил, улуттук дем, улуттун акыл казынасы болуп саналат.

Улуттун  саламаттыгы – бул улутту улай турган көч, улуттук тил – анын өлбөс, өчпөстүгү. Улуттук дем – бул көкүрөктөгү улут үчүн күйгөн от, улутка болгон сүйүү, мекенчилдик сезим. Ал канчалык күчтүү болсо, улуттун келечеги ошончолук терең, арышы кең болот.

Ал үчүн жаштарыбыздын патриоттук сезимин ойготуп, улуттун турмуштук тажрыйбасынан иштелип чыккан жана жазылбаган жашоо мыйзамдарын, акыл-насааттарын  жүрөк түпкүрүнө жеткиришибиз керек. Мына ушундай  саамалыктардын бири болгон  “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата КТРКнын Кыргыз радиосу КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте уюштурган “Тилим менен улутмун” аттуу республикалык ЖОЖдор арасындагы студенттердин 3 айлампадан турган радиотаймашы дээрлик бир жыл аралыгында өттү. Ар бир айлампанын жыйынтыгын  сары эсеп салган калыстар тобу  таразалап, тапшырмаларга баа берип турушту. Ал эми жалпы таймашка  демөөрчүлүк  кылган  А.Салымбековдун фонду  болду.

Иш чарага  М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын окутуучулары Б.К.Адылова, Н.Ж.Жапаралиева  жетектеген “Мурас” тобунун студенттери 2020-жылдын 14-февралында 1-айлампада алдыга озуп чыгып, 30-октябрда  2-айлампада да жигердүүлүгүн көрсөтүп  финалга жолдомо алып, алдыңкы орунга жетишти.

Таймаш  студенттердин  акыл күчүн, жан дүйнө байлыгын  тастыктоочу кызыктуу тапшырмалар, атап айтканда, мамлекеттик  тилге карата  ой-толгоолорун камтыган ээсе, тилди өнүктүрүү боюнча сунуштарды камтыган долбоор, тил, сөз, сөз кудуретинин маанисин чагылдырган макал-лакаптар, кыргыз тилинин грамматикасы, көөнө сөздөр, фразеологизмдер, алардын маанисин чечмелөө, сүйлөм түзүү  жана  көркөм окуулар менен коштолду.

Таймаштын эң өзөгү – ар бир айлампага даярданууда студенттердин дилгирлиги болду, алар кыргыздын нукуралыгына, көрөңгөсүнө, көөнөрбөс мурасына сугарылып, умтулуу, өз алдынча изденүү менен алектеништи. Бул болсо, эне тили аркылуу улуттун дили, улуттугу, дээри, намыскөйлүгү сактала тургандыгынын далили.

Бул иш-чарада борбордук жана регионалдык ЖОЖдордун мыкты студенттери катышышты, ошол эле учурда ар бир окуу жайдын студентеринен түзүлгөн топту даярдоодо окутуучунун да эмгеги зор. Уюштуруучу тараптар ушул жагдайын эске алышып, даярдаган окутуучулардын эмгегин баалап, ыраазычылык баракчасын тапшырышты. Ал эми алдыга озуп чыккан жогорку окуу жайларына акчалай сыйлык жана баалуу белектерди беришти.

Иш чаранын уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдиребиз!

М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун

мамлекеттик жана расмий тилдер

кафедрасынын окутуучулары

Н.Ж.Жапаралиева, Б.К.Адылова

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер