КЭУ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

  • 12.12.2022
  • 0

Дүйнө жүзүндө, 9-декабрь Коррупцияга каршы күрөшүү күнү белгиленет. Бул күндү утурлай Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Илимий-изилдөө Университетинде, Экономика жана сервис колледжинин профессордук-окутуучулук курамынын, лицей студенттеринин, борбор калаанын №9, 24, 70 гимназия мектептеринин 10-11-класстарынын мугалимдеринин жана окуучуларынын катышуусунда атайын иш чара өткөрүлдү. Бул туралуу ИИУ КЭУ басма сөз кызматы билдирди.

КЭУ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

Маалыматта айтылгандай, иш чараны КЭУнун Коррупцияга каршы күрөшүү комиссиясынын жетекчиси, э.и.д., профессор Токсобаев Б.Т. ачып берсе, катышуучуларга биринчи проректор, доцент Турсуналиева Д.М. куттуктоо сөзүн айтты.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мүчөсү, техника илимдеринин доктору, профессор Алымбеков Кенешбек Асанкожоевич билим берүү жана илим тармагындагы стратегиялык иш-чаралардын планы боюнча баяндама жасап, тиешелүү презентацияны көрсөттү. Экономика илимдеринин доктору, профессор Т.С.Саякбаев коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык документтери боюнча лекция окуду.

Маарекенин жыйынтыктоочу бөлүгүндө коррупцияга каршы күрөшүү темасында дубал гезит жана дилбаян сынактарынын жеңүүчүлөрүнө дипломдорду, сувенир белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.

Сыйлык алгандардын арасында Сабыржан кызы Гүлзина (КЭУ), Абдурахманова Айзада (КЭУ лицейи), Эргешова Алтынай (КУУ), Кубанычбекова Айдай (КЭУ лицейи), Рустам уулу Дастан (КЭУ), Турлабеков Аян (КЭУ), Жумадылова Айзаданын (КЭУ) эмгектери өзгөчөлөндү.

Дубал гезит сынагында калыстар тобу №70 окуу- тарбия комплекс гимназиясынын окуучулары: Морозова Марина, Ургуналиева Саида, Султанова Медина, Исмаилова Нурпери, №9 окуу- тарбия комплекс гимназиясынын окуучулары: Мавлянова Арууке, Атабекова Жасмин, Тукешова Адель, №24 мектептен Эсеналиева Амина жана Чыныбаев Даниэль, ошондой эле КЭУнун лицейинин студенти- Талантбек кызы Жаңылдын эмгектерине жогорку баасын беришти.

Белгилесек, бул өндүү иш-чаралар университетте үзгүлтүксүз, системалуу түрдө өткөрүлүп турат.

Бөлүшүү

Комментарийлер