КЭУ ИИУ ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ КӨРГӨЗМӨСҮНӨ КАТЫШТЫ

  • 14.11.2023
  • 0

КЭУ ИИУ ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ КӨРГӨЗМӨСҮНӨ КАТЫШТЫ

27-28-октябрда Пекинде дүйнөнүн 960 университетинин башын бириктирген жогорку окуу жайлардын XXIV «China Educational Expo-2023» көргөзмөсүнө М.Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУ Кыргызстандын атынан катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Б.К.Сыдыков, КЭУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы жүздөн ашык университеттин өкүлдөрү менен жолугушту. Аны менен катар, 2023-жылдын 29-октябрынан 3-ноябрына чейин ал Шанхай, Ухань, Сиань жана башка Кытайдын сегиз шаарында болуп, бакалаврларды даярдоого адистешкен 29 университет менен жолугушууларды өткөрдү.

Андан сырткары, 1+1 магистратура программалары, ошондой эле студенттердин мобилдүүлүгү боюнча алдын ала макулдашылды.
Биринчи натыйжалар байкалууда: 25 студент КЭУнун магистратурасына тапшырышты. Белгилей кетсек, КЭУнун көргөзмө павильону кытай өнөктөштөр тарабынан даярдалган.

Негизинен Кытайдын билим берүү мекемелери катышкан бул иш-чарага, Европа өлкөлөрүнүн, Австралиянын университеттери, ошондой эле Россия Федерациясынын үч университети катышты.

Иш-чара билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу жана эл аралык байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп эсептелет.

Бөлүшүү

Комментарийлер