КЭУ ДЕБРЕЦЕН УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КОШ ДИПЛОМ БЕРЕТ

  • 21.02.2023
  • 0

КЭУ ДЕБРЕЦЕН УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КОШ ДИПЛОМ БЕРЕТ

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында, 13-14-февралда Будапешт шаарында кыргыз жана венгер университеттеринин ректорлорунун биринчи форуму өттү. Ага Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин (ИИУ КЭУ) ректору Кадыралиев Алмаз да  катышты.

КЭУ ДЕБРЕЦЕН УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КОШ ДИПЛОМ БЕРЕТ

Кыргызстандагы мамлекеттик ЖОЖдор арасында КЭУ экономика жана туризм багытында  англис тилинде билим берген жалгыз университет. Бул иш-чаранын алкагында КЭУ беш венгер ЖОЖу менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Жетишилген келишимдерге ылайык, эми КЭУ студенттеринин эл аралык деңгээлде билим алуу мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңейет.

Иш сапар жүрушүндө А.Кадыралиев Европадагы эң байыркы жана абройлуу жогорку окуу жайлардын бири ДебреценуУниверситетине (University of Debrecen, 1538-у.) атайын чакыруу менен барды. Негизги популярдуу багыттарынын бири  экономика факультети болгон бул университетте проректор Карой Петё жылуу тосуп алды. Окуу мекеменин ишмердүүлүгу менен тааныштырылып, соңунда бир катар артыкчылыктуу келишимдерге кол коюлду.

КЭУ ДЕБРЕЦЕН УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КОШ ДИПЛОМ БЕРЕТ

Алсак, Дебрецен университи  жана КЭУ ортосунда «Кош диплом  системасын» кыска убакыт ичинде  киргизүү макулдашылды. Ошондой эле окутуучулар жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк боюнча кызматташууга жетишилди.

Венгрия мамлекеттик стипендиясы менен Дебрецен университетинде учурда кыргызстандык элүүдөй студент билим алууда. Аталган ЖОЖго сапарынын алкагында ректор А.Кадыралиев мекендештерибиз менен жолугушту. Андан тышкары экономикалык багыттагы  Корвинус университетинин (Corvinus University of Budapest) ректору Такац Елод менен жолугуп, кызматташуу багыттары боюнча суйлөшүүлөрд жүргүздү. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Ч.К. «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер