КЕСИПТИК ОРТО БИЛИМ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ үЧүН БЮДЖЕТТИК ОРУНДАРДЫН САНЫ БЕКИДИ

  • 08.07.2021
  • 0

2021-2022-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын саны бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. 

2021-2022-окуу жылына 4131 бюджеттик орун бөлүнгөн.

Министрлик жана ведомстволордун билдирмелерине ылайык бюджеттик орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги — 2309 орун;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги — 1335 орун;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги — 427 орун;

— Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги — 60 орун.

ТИРКЕМЕ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер