Кесиптик лицейлерге кабыл алуу 14-июлдан башталат
- 24.06.2025
- 0
2025 – 2026-окуу жылына карата кесиптик лицейлерге онлайн кабыл алуу 14-июлдан башталат. Абитуриенттер өз аймагындагы кесиптик лицейлерге https://2020.edu.gov.kg/npo платформасы аркылуу документтерин тапшыра алышат.
Онлайн кабыл алуу процесси жөнөкөй, ачык жана жеткиликтүү.
Окуу мөөнөттөрү жана артыкчылыктары:
– 9-классты бүткөндөр үчүн – 2 жылдык окуу, жыйынтыгында аттестат жана окуган кесиби боюнча мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет.
– 11-классты бүткөндөр үчүн – 1 жылдык окуу, кесипке ээ болуу жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Бөлүшүү
Комментарийлер