КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ДИРЕКТОРЛОРУ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУДА

  • 18.05.2023
  • 0

17-майда Республикалык илимий-методикалык борбордун иш планына ылайык башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин директорлорунун квалификациясын жогорулатуу курсу башталды. Иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнур Мамырованын төрагалыгынын, өлкөнүн бардык облустарынан жалпы 26 директордун катышуусунда өтүүдө.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ДИРЕКТОРЛОРУ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУДА

Гульнур Мамырова өз сөзүндө заманбап шарттардагы БКББнын негизги милдеттерин белгилеп, жетекчи үчүн билим жана практикалык көндүмдөргө ээ болууда, өзүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатууда квалификацияны жогорулатуучу курстардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле угуучуларга Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын адиси Фатима Азимжанова суроо-жооп форматында финансылык сабаттуулук боюнча кеңеш берди.

Программада төмөнкү темалар каралган:

* БКББ ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук документтер;

* Педагогиканын заманбап чакырыктары;

* Башкаруу жана анын компоненттери: пландаштыруу, уюштуруу,контролдоо;

* Стратегиялык пландаштыруу: конспект-талдоо жана пландаштыруу;

* Педагогикалык менеджмент;

* Адам жана инсан;

* Санариптик дидактика;

* Мамлекеттик башкаруунун өзгөчөлүктөрү.

Курстун жүрүшүндө практикалык сабактарды КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында жана №43 Кесиптик лицейде өткөрүү пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер