КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН 19% «КООМДУК ТАМАКТАНУУ» БАГЫТЫ БОЮНЧА БИЛИМ АЛЫШКАН

  • 11.02.2022
  • 0

2021-жылы кесиптик лицейлер 19620 бүтүрүүчүнү даярдашты. Анын ичинен 3796 — «Коомдук тамактануу” , 3741 – «Жер транспорту», 3082 – «Тигүү өндүрүшү», 2424 – «Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы», 1811 – «Металл жана башка материалдарды механикалык иштетүү», 986 — «Курулуш, монтаждоо жана оңдоо-курулуш иштери», 961 — «Тейлөө чөйрөсү», 692 — экономиканын бардык тармактары үчүн жалпы кесиптер боюнча, 589 — «Маалыматтык-байланыш технологиялары», 434 — «Электрчордон, электр жана байланыш тармактарынын жабдууларын иштетүү жана оңдоо», 216 — «Көркөм, зер, кол өнөрчүлүк өндүрүшү», 144 — «Жыгач иштетүү өнөр жайы», 130 — «Темир жол транспорту», 116 — «Тоо-кен өнөр жайы», 110 -эксперименталдык, 94 — «Полиграфия өндүрүшү», 68 – «Тамак-аш өнүмдөрүн өндүрүү», 65 – «Жол курулуш машиналарын иштетүү, тейлөө жана оңдоо», 58 – байланыш кесиптерин аякташты . Эң аз «Бут кийим өндүрүшү» багыты боюнча – 21 киши, «Слесардык жана слесардык-монтаждоо жумуштары» — 35, «Туризм» — 36 бүтүрүүчү. Кесиптик лицейлердин кыска мөөнөттүү курстарында 11 бүтүрүүчү билим алган.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН 19% «КООМДУК ТАМАКТАНУУ» БАГЫТЫ БОЮНЧА БИЛИМ АЛЫШКАН

Кыздар арасында 2799 бүтүрүүчү «Тигүү өндүрүшү», 2095 – «Коомдук тамактануу», 580 – «Жер транспорту» багыттары боюнча окуусун аяктаган. Эркектер арасында 3161 бүтүрүүчү «Жер транспорту», 1969 — «Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы», 1775 — «Металл жана башка материалдарды механикалык иштетүү» адистиктери боюнча окуусун аяктады.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН 19% «КООМДУК ТАМАКТАНУУ» БАГЫТЫ БОЮНЧА БИЛИМ АЛЫШКАН

Бөлүшүү

Комментарийлер