КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ИШКЕРДИКТИ ОКУТУУ ЖАҢЫЛАНАТ

  • 07.02.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөнүн тенденцияларына ылайык “Ишкердиктин жана бизнестин негиздери” курсун өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДЕ ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ИШКЕРДИКТИ ОКУТУУ ЖАҢЫЛАНАТ

“Ишкердиктин жана бизнестин негиздери” курсу 2001-жылы кесиптик билим берүү программасына киргизилген. 2006-жылы программага өзгөртүүлөр кирген.

2023-жылдын 1-февралынан 4-февралына чейин Ош шаарында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы кесиптик лицейлердин мугалимдери жана администрациясы үчүн заманбап технологияларды эске алуу менен ишкердикти окутуу боюнча тренинг өткөрүлдү. Тренингдин катышуучулары окуу планын өзгөртүү, аны дизайндык ой жүгүртүү ыкмалары жана инструменттери менен жаңыртуу боюнча иштеди.

Буга чейин мындай тренинг Ысык-Көл жана Чүй облустарынын кесиптик лицейлеринин кызматкерлери үчүн Каракол шаарында “Digikonush” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер