КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЛИДЕРИ

  • 25.06.2018
  • 0

Беловодскидеги  №28 Кыргыз-россиялык кесиптик лицейи өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 45 жылдыгын салтанаттуу белгиледи.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЛИДЕРИ

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЛИДЕРИ

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЛИДЕРИ

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЛИДЕРИ

Лицейдин 45-жылдык мааракесин куттуктап, Башталгыч кесиптик окуу жайлардын агенттигинин башкы директорунун орун басары Абдрахим Мамадалиев, Кесиптик техникалык билим берүүнүн Чүй областындагы координатору Көчкөн Мүсүралиев жана Москва райондук акимчиликтин жетекчилери, АБРдын долбоорунун өкүлдөрү, Чүй областындагы кесиптик лицейлердин башчылары  келишти.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЛИДЕРИ

Лицейди көп жылдан бери тажрыйбалуу педагог Сагынбек Чагырбаев жетектейт.

Лицейди көп жылдан бери жетектеп келаткан тажрыйбалуу жетекчи Сагынбек Чагарбаев башталгыч кесиптик билим берүү тармагында алдыңкы директор жана таланттуу педагог катары таанымал.

“Биздин көп сандаган бүтүрүүчүлөрбүз Кыргызстандын көп тармактарында иштеп жатышат. 45 жыл ичинде 13 миңден ашык жумушчу адистер даярдалып чыгарылды. Лицей ар дайым райондогу колхоз-совхоздор менен активдүү кызматташып келген. Азыр дагы ошол салтынан жазбай, алдыңкы фермердик чарбалар, өнөр жай ишканалары жана бирикмелери менен тыгыз иштеп жатат”,-деди Сагынбек Чагарбаев.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЛИДЕРИ

Алдыңкы мугалим Сергей Чередняков

Аталган лицейди башталгыч кесиптик окуу жайларынын лидери жана жүзү деп айтса жарашат. “Кыргызстандын кесиптик техникалык билим берүүсүндө эң мыкты лицей” деген наамга татыктуу болгон.

Бул лицейде  эркек балдар слесарь, тракторист, айдоочу, газ электр ширетүүчү кесиптерине,  кыздар – чар тарач, тигүүчү, ашпозчу кесиптерине окушат.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЛИДЕРИ

Быйылкы бүтүрүүчү Алена лицейге мастер болуп калууну чечти.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЛИДЕРИ

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЛИДЕРИ

Окуу жайдын заманбап материалдык-техникалык базасы бар. Ширетүүчү цехи германиялык техника менен жабдылган, тигүү мастерскою эң акыркы үлгүдөгү машиналар менен  камсыз болгон. Азия өнүгүү банкынын колдоосу астында 7 млн сом жумшалып, машина-тракторлорду ремонт кыла турган компьютердик токар станоктор менен жабдылган заманбап СТО ачылып, керектүү техникалар сатылып алынды.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЛИДЕРИ

 

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЛИДЕРИ

Балдарды трактористтик жана техникалык тейлөөчү кесиптерине окута турган бардык шарттар бар, лицейдин короосунда тракторлордун эскиси да, жаңысы да, ар кандай түрлөрү токтоп турат.

“Машина-трактор  паркынын ремонту боюнча оңдогуч-мастер деп аталган жаңы кесип жөнүндө өзгөчө айта кетишим керек.  Бул кесипке керектөө чоң болуп жатканын иш берүүчүлөр бизге көп жолу айтып келишти. Фермерлер трактор менен иштеп жатышат, бирок алар ремонт кылганбы билишпейт.  Эң жакшы дегенде майын алмаштырат, болду ошону менен токтойт.  Адистер жок болуп жаткан. Сентябрдан баштап биз бул кессипке даярдапбаштайбыз. Кымбат баадагы жабдууларды ала албагандыктан, баштай албай атканбыз. АБРга ырахмат, жардам берип бул маселени чечти”,-деди директор Чагарбаев Сагынбек.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЛИДЕРИ

Лицейде ландшафтык дизайн кесибине окутуу боюнча долбоор иштеп баштады.

Лицейде атайын реабилитациялык топто жетим, жарым жетим жана аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөнүн балдары окуйт. Алар ысык тамак ичет жана стипендия алышат.

Окутуу эң алдыңкы үлгүдөгү техникалык жабдуулар жана заманбап технология менен жүргүзүлөт. Класстары телевизор, компьютер жана интерактивдүү такталар менен жабдылган. Окуучулар кесиптик практиканы райондо жана республикадагы ишканалардан өтүшөт.

Окуучулардын сак-саламат жашап, эстетикалык, маданий, спорттук тарбия алышы үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Спорттук секциялар, тренажердук зал, өздүк көркөм чыгармачылыктын ийримдери иштейт

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер