КЕСИПТИК БИРЛИКТИН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 29.11.2021
  • 0

Өткөн жумада Панфилов районундагы К.Жуматаев атындагы мектепте баштапкы кесиптик бирликтердин уюмдары үчүн “Профактивге жардам” темасында семинар-тренинг болуп өттү.

КЕСИПТИК БИРЛИКТИН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Семинар-тренингде баштапкы кесиптик бирлик уюмунун уюштуруучулук ишин кандай негизги документтер жөнгө салат, жаңы шайланган төрагасынын ишинин түзүлүшү, ошондой эле негизги кесиптик бирлик документтери (пландар, иш кагаздарынын номенклатурасы, протоколдор жана кесиптик бирлик органдарынын чечимдери) кандай түзүлөт деген темада талкуу жүрдү. Катышуучулар К.Жуматаев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлигинин төрагасынын иш кагаздары, алардын аткарылышы боюнча бөлүшкөн тажрыйбасына күбө болушту.

КЕСИПТИК БИРЛИКТИН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Топторго бөлүнгөн баштапкы уюмдун төрайымдары кесиптик бирликтин негизги максаттары, милдеттери боюнча кызыктуу презентация өткөрүшүп, көйгөйлүү маселелердин чечилүү жолдорун бирге талкуулашты.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер