КЕСИПТИК БИРЛИК ЭС АЛУУГА ЖОЛДОМО ТАРАТКАН УЮМ ЭМЕС

  • 16.04.2024
  • 0

 

КЕСИПТИК БИРЛИК ЭС АЛУУГА ЖОЛДОМО ТАРАТКАН УЮМ ЭМЕСМындай пикирин “Билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдарынын социалдык өнөктөштүгү: милдеттери жана жоопкерчиликтери” аталышындагы республикалык форумунда КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Абдыкадыр Султанбаев билдирди. 

 -Буга чейин биздин коомчулукта кесиптик бирликти көп учурда эс алууга жолдомо тараткан мекеме катары кабыл алып келишкенин жашыра албайбыз. Ооба, кесиптик бирликтер  жарандардын эс алуусун уюштуруусунан башка да эң негизги милдеттеринин бир-  алардын эмгектик укугун, социалдык-экономикалык абалын, иш учурундагы шарттарын коргогон уюм экендигин дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет. Ошондуктан  республикабызда билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдарынын социалдык өнөктөштүгүндөгү милдеттери жана жоопкерчиликтери жөнүндөгү маселе күн тартибинде турат жана бул багытта бардык коомдук өнөктөштөрүбүз менен биргеликте жыйынтыктуу иш алып баруу багытында бир топ иш чараларды жүргүзүп жатабыз, -деди А.Султанбаев.

А.Султанбаев андан ары өз баяндамасында кечээ жакында   Билим берүү жана илим министрлиги менен   билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ортосунда 2024-2026-жылдарга макулдашуу кабыл алынганын билдирди.  Макулдашууга КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Абдыкадыр Султанбаев кол коюшкан. Бул кызматташуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Социалдык өнөктөштүк жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, “Билим берүү жөнүндө” жана “Эмгекти коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен социалдык өнөктөштүктү, эмгек мамилелерин жөнгө салууну чындоо жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Төрага эки тармактын макулдашуусу жакшы жыйынтыктарды береринде шек жок экендигин да баса белгиледи.

Форумда бардык деңгээлдеги билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмдарынын иши менен таанышууга, иш берүүчүлөрдүн, бийлик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, кесиптик бирлик активисттери жана жетекчилеринин социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча пикирлерин угуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Иш чаранын аягында ийгиликтүү иш жүргүзгөн кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылып, атайын резолюция да кабыл алынды. Форум Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фондунун колдоосу астында уюштурулду.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер