КЕСИПТИК БИЛИМДИ ЖОГОРУЛАТУУДА ЧЕК АРА ЖОК
- 14.09.2023
- 0
“Орусиянын жыл мугалими” конкурсунун ар кайсы жылдардагы жеңүүчүлөрүнүн мастер-класстарына онлайн форматта катышып, кесиптик билимин жогорулаткан кыргызстандык мугалимдердин бир тобу “Школа в ФОКУСЕ. ФОКУСЫ для школы” XII Эл аралык конференциянын уюштуруучулары тарабынан сертификаттарга ээ болду.
Быйыл май айындагы онлайн конференцияга Талас облусунан Д.Дүйшебаев атындагы орто мектебинин мугалими Гүлнара Сатымкулова, Бишкек шаарындагы №50 мектептен Жаңылай Ырысбекова, №72 мектеп-гимназиядан Гүлнура Осмонова, №24 А.Токомбаев атындагы мектеп-гимназиядан англис тил мугалимдери Айжаркын Тууганбаева жана Гүлгаакы Тентиева, №29 мектеп-гимназиядан Елена Лукашова, Кенжеке Назаракунова, Динара Темирова, Асыл Мурзабаева, Бектемирова Береке, Чичиланова Инна жана Наталья Алексеева катышкан болчу.
— Орусиянын Самара шаарында өтүүчү бул эл аралык конференцияга кыргызстандык агартуучулар биринчи жолу катышты. Эмки илимий талкуу ноябрь, декабрда, ошондой эле келерки жылдын февраль, май, август айларында болот. Бардык кесиптештерди чакырабыз, — дейт Самара шаарынан келген билим берүү боюнча адис, педагогика илимдеринин кандидаты Елена Ибрагимова.
А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер