КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА КӨП ФОРМАТТУУ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 10.12.2020
  • 0

Конференцияга Билим берүү жана илим министрлигинин, Башталгыч кесиптик билим агенттигинин, Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун өкүлдөрү, кесиптик лицейлердин, Алдыңкы тажрыйба борборлорунун, курулуш чөйрөсүндө, жеңил өнөр жай, сулуулук индустриясынын, коомдук тамактануу жана турак жай-коммуналдык чарбанын Тармактык өнөктөштүк борборлорунун директорлору, тармактык ассоциациялардын жана компаниялардын, эл аралык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле Германиядан келген эл аралык эксперттер катышышты.

Конференцияда кесиптик билими жок, бирок иштөөнүн практикалык тажрыйбасына ээ адамдар үчүн кесиптик компетенцияларды валидациялоонун натыйжалары көрсөтүлдү. Катышуучулар тармактык даярдоону жана кесиптик компетенцияларды көз карандысыз сертификациялоону; документтерди даярдоонун электрондук системасын жана бүтүрүүчү квалификациялык экзамендерде кесиптик компетенцияларды көз карандысыз баалоонун натыйжаларын кайра иштетүүнү; кесиптик көндүмдөрдү валидациялоону ишке киргизүү аркылуу кесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселесинин маанилүүгүн баса белгилешти.

Алдыңкы тажрыйба бороборлорунун жана Тармактык өнөктөштүк борборлорунун туруктуу социалдык өнөктөштүгү иш берүүчүлөргө кесиптик билим берүүнүн сапатына таасир этүү мүмкүнчүлүгүн берери белгиленди.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер