КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ БОШ ИШ ОРУНДАР ЖАНА КЕСИПТЕР ЖАРМАНКЕСИНЕ КАТЫШУУДА

  • 28.04.2023
  • 0

Бүгүн, 28-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде бош иш орундар жана кесиптер Жарманкеси өтүүдө.КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ БОШ ИШ ОРУНДАР ЖАНА КЕСИПТЕР ЖАРМАНКЕСИНЕ КАТЫШУУДА

Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев жарманкеге жогорку, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайлардын өкүлдөрү дагы катышып жаткандыгын белгиледи.

“Бүгүнкү иш-чара иш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөр, жумуш издөөчүлөр арасында мыкты аянтча болуп, эмгек рыногундагы жаңы талаптар, шарттар, тренддер тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Мындай жарманкелердин өткөндөгү абдан маанилүү”, — деди Найманбаев.

Жарманкеде 6000ден ашуун бош иш орундар боюнча маалымат берилүүдө, тагыраагы, маалымат технологиялары, курулуш, тейлөө, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт, медицина ж.б.

Ошондой эле жарандар ишке орношуу, жумуш берүүчү менен маектешүүгө даярдануу, кесиптик билим алуу боюнча кеңештерди ала алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер