КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОНКУРСКА КАБЫЛ АЛУУ БҮГҮН АЯКТАЙТ
- 03.10.2023
- 0
Кесиптик билим берүү мекемелеринин директорун тандоо конкурсуна документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү бүгүн, 3-октябрь саат 18.00 до токтотулат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомуна ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүүчү уюмдарынын директорунун ваканттык бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тиркемеге ылайык ачык конкурс жарыялайт.
Сынактын талаптарына ылайык, жогорку кесиптик билими жана билим берүү чөйрөсүндө же окуу жайдын профили боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар талапкерлер сынакка катыша алат. Алардын документтерин кабыл алуу мөөөнөтү 20-сентябрдан башталган.
Республикада 101 кесиптик билим берүү мекемеси болсо, анын 53нүн директорун тандоо конкурсу жарыяланган.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун айтымында, ЖОЖдордун ректорлорунун башкаруу мөөнөтү чектелгендей, быйылкы «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлорлук кызматты аркалоосу беш жылдан ашпоосу керек. Бул жылдар аралыгында өзүн татыктуу талапкер катары көрсөтө алса гана, кийинки конкурстан өтүп, экинчи мөөнөткө келет. Ошондой эле 20, 30, керек болсо 50 жылдан бери бир эле окуу жайда директор болуп отурган адамдар бар. Алардын арасында окуу жайды өнүктүрбөй эле тескерисинче, артка тарткан директорлор да жок эмес.
Директорду тандоо конкурсу үч этаптан турат. Анын биринчи этабында, конкурстук комиссия документтерди кабыл алып, квалификациялык талаптарга жооп берген гана талапкерлерди экинчи этапка өткөрүлөт. Экинчи этапта тест өткөрүлүп, анын жыйынтыгы үч саттан ашпаган убакытта чыгарылат. Үчүнчү этапта конкурстук комиссия экинчи эатптан ийгиликтүү өткөн талапкерлер менен маектешүү өткөрөт. Маектешуу учуру толугу менен видеокамерага тартылып алынат да, жетекчи өзүнүн ыйгарым укугуна киргенден баштап бир жыл бою сакталат. Башкача айтканда, кимдир-бирөөдө ишенбөөчүлүк жаралса видеотасманы көрүүгө болот.
Комментарийлер