КЕСИПТЕШТЕРГЕ КОЛДОО

  • 11.05.2020
  • 0

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери колдоого муктаж кесиптештерине жардам көрсөттү.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн аппараты, профсоюз уюму билим берүү тармагында эмгектенген, үйүндө майып балдары бар кесиптештерине колдоо көрсөтүү максатында балдарга керектүү тамак-аш, таттууларды таратты. Бул демилгенин ээси, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагуль Тулебаеванын айтымында, 20 үй-бүлө ушундай колдоого ээ болду.

— Азыркы оор кырдаал, айрыкча, оорулуу балдары бар үй-бүлөлөргө ого бетер кыйынчылыктарды жаратып жатканын эске алып, биздин аппарат кызматкерлери, профсоюз уюму чогуу-чаран кеңешип, биртике болсо да жардам болсун деген ниетте, райондогу мугалимдердин, бала бакчада иштеген кесиптештерибиздин тизмесин тактап, алардын үй-бүлөлөрүнө жалпы суммасы 16 миң сомдук социалдык колдоо пакеттерин жеткирип бердик,-дейт Айнагуль Абдрашитовна.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер