КЕСИПТЕШТЕР ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ

  • 03.02.2023
  • 0

Чүй облусунун Панфилов районундагы В.Я.Захарченко атындагы Чалдыбар №1 орто мектебинин базасында биология жана информатика предметтери боюнча райондук деңгээлде семинар болду.

КЕСИПТЕШТЕР ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ

Райондук билим берүү бөлүмүнөн алынган маалымат боюнча, семинарга райондогу жалпы билим берүү мектептеринин биология жана информатика мугалимдери катышты.

Предметтик мугалимдердин ишмердүүлүгүн байкоо жана тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн бул семинарда «Повышение учебной мотивации учащихся через применение цифровых технологий», «Место современного электронного учебника на уроках информатики» жана “Окуучуларды PISA жана олимпиадага даярдоо» темаларын талкуулашты.

Алар А.Айтпаеванын 5-класстын окуучулары үчүн “Көңүлдүү информатика”, И.В.Стоволосованын 7-класстын окуучулары үчүн биология сабагынан “Класс насекомые” жана Н.Сагинбаеванын 9-класстын окуучулары үчүн даярдаган “Селекция жана анын ыкмалары” темаларындагы ачык сабактарына күбө болуп, кесиптештеринин жетишкендиктерин белгилеп, тажрыйба алмашуу менен бирге, сабактарды андан да жакшыртуу боюнча ой-сунуштарын айтышты.КЕСИПТЕШТЕР ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ

Семинардын катышуучулары өздөрү үчүн атайын уюштурулган “PISAга жана олимпиадага даярдоо” темасындагы педагогикалык турнирдин жүрүшүндө кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды алып кайтышты.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган мектеп 2022-2023-окуу жылында Республикалык олимпиаданын райондук деңгээлде өткөрүлгөн экинчи этабында район боюнча мектептер арасында биринчи орунду ээлеп, облустук деңгээлдеги олимпиадага төрт окуучу жолдомо алган. Андан тышкары, буга чейин беш предметтен райондук деңгээлде семинар өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшкөн эле.

КЕСИПТЕШТЕР ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер