КЕСИПКЕ БАГЫТ 

  • 07.02.2025
  • 0

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө караштуу  мектептердин социалдык категориядагы  9-, 11-класстарынын окуучулары Россия Федерациясынын Татарстан шаарынын “Алабуга Политех” окуу жайынынын өкүлдөрү менен кесипке багыт берүү иши боюнча Чүй облусунун   мамлекеттик администрациясында жолугушуу өткөрүлүп, маалымат алышты.

КЕСИПКЕ БАГЫТ  КЕСИПКЕ БАГЫТ 

Маалыматка ылайык, жолугушууга  КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыштообаева Г.А., Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Султанов Р.К., Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адистери Абдраева К.М., Эгембердиева В.А. жана облустун райондорунун билим билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, окуучулары катышты.

“Алабуга” политехникалык колледжи ар бир инсандын келечегин камсыз кыла ала турган көптөгөн заманбап адистиктерди: мехатроника жана робототехника, өндүрүштүк программалоо, электротехника, лабораториялык химиялык анализ, укук, программалоо, бизнес-информатика жана башка көптөгөн адистиктер тууралуу айтып беришти.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер