КЕСИПКӨЙЛҮККӨ ЖОЛ АЧКАН ТРЕНИНГ

  • 10.11.2021
  • 0

10-12-ноябрда Жалал-Абад областындагы райондук жана шаардык мектептерде USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында «Мектептерде методикалык колдоону уюштуруу» тренингдери старт алды. Бул окуу ишине жалпы жонунан 745 мугалим тартылды.

КЕСИПКӨЙЛҮККӨ ЖОЛ АЧКАН ТРЕНИНГ

Аксы районунда болсо 53 максаттуу мектептердин директорлору, алардын окуу-тарбиялоо иштери боюнча орун басарлары жана билим берүү бөлүмүнүн адистери, методисттери үчүн колдоо көрсөтүү тренинги уюшкандыкта өтүүдө.

Тренингдин катышуучулары үч күн аралыгында билимин жогорулатуу программаларын мазмунун түшүнүп, окуучулар менен кайтарым байланыш жасоого, окутуунун ийгилигине, окутулган стратегиялардын натыйжаларын билүүгө машыгат.

Семинардын катышуучулары практика жүзүндө SabakApp, BaalooApp тиркемелерин колдонууга машыгышууда. Ар бир билим берүү мекемелерине долбоор тарабынан планшеттер таркатылып, тиркемелер менен эффективдүү иштөө ыкмалары үйрөтүлүүдө.

Ошону менен бирге тренингдин катышуучулары класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу пландарын иштеп чыгып, заманбап окутуу технологияларын колдонуу маанилүү экендигин билишет.

Жанузакова Уулжан,
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер