КЕСИПКӨЙ ОКУТУУЧУ, ЧЫГАРМАЧЫЛ ИНСАН

  • 11.05.2020
  • 0

Өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу республикадагы кесиптик орто билим берүү мекемелеринин катарында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Политехникалык колледжинин агартуучулары да алгылыктуу иш алып барууда. Жаңыча иштөө ыкмасынын жолун тапкан заманбап окутуучулар аралыкта сапаттуу билим берүүнүн үстүндө талбай эмгектенип жатышат. Алардын бири окуу жайдын кыргыз тили жана адабияты мугалими Бактыгүл Эсенгулова.

Заманбап техниканын тилин мыкты өздөштүргөн окутуучулар

Аталган колледжде окутуучулардын санарип сабаттуулугун жогорулатуу, алардын потенциалын ишке ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ушул шарттардын бири — окуу процессинин техникалык жактан жабдуусу. Учурда колледжде бардык окуу кабинеттери британдык Promethean компаниясынын ActivePanel жана ActiveBoard сериясындагы заманбап интерактивдүү жабдуулар (интерактивдүү панелдер жана такталар, кыска фокустук, алыскыдокустук жана көчмө проекторлор) менен жабдылган. Бардык интерактивдүү панелдер жана такталар компьютерлерге туташтырылып, интернетке кирүү мүмкүнчүлүктөрү менен толукталган. Россиялык «Диалог» компаниясынын «Диалог-3» мультимедиялык лингафон лабораториясы орнотулган. Окутуучулардын жана студенттердин өз алдынча иштөөсү үчүн атайын жабдылган компьютердик класста интернет тармагын акысыз пайдалануу камсыздалган.

Колледждин окуу процессинин заманбап техникалык жабдылышы, заманбап окутуучулардын мол тажрыйбасы, алардын демилгеси жана техникалык даярдыгы карантин убагында студенттерди аралыкта окутууну тез жана натыйжалуу уюштурууга мүмкүндүк берди.

Аралыктан билим берүү киргизилген учурдан тартып, көпчүлүк мугалимдер аң-сезимин жаңыча иштөө ыкмасына бурууга жетишпей калышты, ал турсун техникалык каражаттарды алууга мүмкүнчүлүгү болгон жок. Биз да бүгүн ушундай көйгөйлөргө бетме-бет туш болдук. Ошого карабастан, биздин окутуучулар өз кесибин сүйгөндүктөн, студенттерге сабырдуулук менен мамиле кылып, аралыкта окутуудагы оор кырдаалга чыдамкайлык менен карап, иштеп жатышат. Студент сабактын маани-мазмунун түшүнүшү үчүн, сабакка жан дили менен катышып, көп нерсени билиши жана эң негизгиси окутуучунун ишенимине кириши үчүн аны сабакка кызыктырыш керек эле. Окутуучулар ар күнү ар бир сабагында кесибинен сынак тапшырып, ондогон жаш көздөрдүн көптөгөн критерийлери менен бааланып жатат. Педагогикалык иш кыйынчылыктарга ширелип, көп күч-аракетти жана эмоцияны талап кылып жатканын кантип жашырабыз?! Ушул кыйынчылыктарды жеңген окутуучу гана студенттердин көңүлүнө, ишенимине, сый-урматына жана сүйүүсүнө ээ болот. Биздин колледжде чыгармачыл, жоопкерчилиги жогору, максатка умтулган, өзүнө жана башкаларга талапты катуу койгон көптөгөн окутуучулар иштешет. Алардын бири Эсенгулова Бактыгүл Кудайбердиевна. Кесипкөй окутуучу, кызыктуу инсан, студенттери менен биргеликте күн сайын болуп жаткан окуяларга кабатырланып, сабакка даярдануу жана сабактан тышкаркы иш боюнча көрүнбөгөн чыгармачылыкты, ошондой эле студенттер менен кызматташуу ишин бир бүтүндүккө бириктирет, — дейт колледждин директору Нурайым Турусбекова.

Анда эмесе, заманбап техниканын тилин бат өздөштүргөн, санарип мугалимге сөз берели.

Бактыгүл Эсенгулова, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Политехникалык колледжинин окутуучусу

КЕСИПКӨЙ ОКУТУУЧУ, ЧЫГАРМАЧЫЛ ИНСАН

АРАЛЫКТА ОКУТУУ — ЖӨНӨКӨЙ, ТЕЗ ЖАНА НАТЫЙЖАЛУУ

Кылым кезип, кылым карыткан кыргыз элинде жакшы кеп бар: “Башка түшкөндү көз көрөт” деген. Айтайын дегеним, учурдагы абал үч уктаса адамдын түшүнө кирбеген сейрек кездешүүчү окуялардын бири. Бүткүл жер жүзүн кучагына алган апааттан биздин өлкө да тышкары калбастан, анын капшабына тушугуп, жеке сектордон тартып, мамлекеттик түзүмдүн бардык тармактары жабыр тартууда. Анын ичинде билим берүү системасы алдыӊкы фронттон орун алып, биринчи толкунга урунду. Мындай кырдаалда кол куушуруп олтуруп калбай өлкөнүн келечеги, пайдубалы, тамыры, өзөгү, болгон бул тармакка жарака кетирбестен, жаӊы технологиянын жардамы менен келечек муундун билим алышына агартуу тармагынын жоокерлери жеӊ түрүнө шымалана киришти. Анткени билимдүү жаштар, билимдүү студенттер мамлекетибиздин эртеңки түркүгү.

Албетте, бардык иштин башталышы, кириши кыйын болгондой “чү” дегенде эле баштаган иш шыр кете койгон жок, чалынды, кай бир жерде мүдүрүлдү. Ага окуучулардын, студенттердин жаӊы тартипте билим алуу ыкмасына көнбөгөндүгү, көндүмдүн жоктугу, катышуунун начардыгы, мугалимдердин мындай багытта иш алып барууга даяр эместигин мисал кылса болот.

Жыл өткөн сайын адамзаты онлайн билим берүүгө ыктап бараткандыгын жөн гана билим албастан, жаӊы билим берүү программаларын өздөштүрүп, ал турсун кесибин өзгөртүп жаткандыгынан байкаса болот. Онлайн билим берүүнүн жайылып жаткандыгы коммуникациялык технологиянын өтө тездик менен өнүгүп жаткандыгына байланыштуу. Сапаттуу билим берүү процессин уюштуруу үчүн мүмкүнчүлүктөр менен куралдар улам барган сайын өсүүдө, андыктан онлайн долбоорлордун саны күн санап көбөйүүдө.

Мында таӊ калычтуу эч нерсе жок, анткени дүйнө бир калыпта турбайт, кечээки маалымат бүгүн актуалдуулугун жоготкон учур. Жыйынтыгында эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдү өздөштүрүү үчүн онлайн билим алуу алда канча жөнөкөй, тез жана натыйжалуу болуп бара жаткандыгын байкоого болот.

Дистанттык окутуунун артыкчылыктары

Онлайн билим берүүнүн бир катар артыкчылыктарына токтоло кетели. Онлайн билим алууда салыштырмалуу түрдө убакыттын ийкемдүүлүгү, башкача айтканда белгиленген убакытта сөзсүз түрдө олтуруп катышуу азыраак талап кылынат, ошондой эле каалаган жерде, үйдө олтуруп алып тапшырма аткарып, отчёт берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Студенттин окутуучу берген тапшырманы бир канча ирет угуп түшүнүп алууга мүмкүнчүлүгү жогору. Маалымат алмашууда коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрдүн кеӊдигине байланыштуу онлайн билим берүүнүн катышуучу студенттери мессенжердеги чаттарда тажрыйба, билим, жаӊылык бөлүшүп, өз ара байланыша алышат.

Адистештирилген программаларды, технологияны колдонуу көндүмүнүн жоктугу бир катар окутуучуларга жолтоо болууда. Бирок замандын талабына ылайык аларды өздөштүрүү менен интеграция процессинин агымына кошулууга онлайн окутуунун көмөгү эбегейсиз болууда. Студенттердин окутуучуну, группалаштарын көрүүсү, бетме-бет сүйлөшүүсү маанилүү экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Окуу процессин туура уюштурса, студентке өбөлгө, шарт түзсө, алда канча жогорку бийиктиктерди багынтууга болот жана айтылган кемчиликтер өтө кооптуу деп саналбайт.

Билим берүүнүн жаңы ыкмасынын жолун таптык

Биз окуткан студенттер билимдүү болсо, коом да ошончолук бекем болот. “Дарак жемиши, адам иши менен нарктуу” дегендей, окутуучулар – өнөр ээси, тарбиячы студенттин ой жүгүртүүсүн жандантып, окууга болгон умтулуусун ойготуп, аны келечекте инсан болуп калыптанышына өбөлгө түзөт.

КЕСИПКӨЙ ОКУТУУЧУ, ЧЫГАРМАЧЫЛ ИНСАН

Мен студенттерим менен сыймыктанам

Онлайн окутуу башталгандан бери биз мындай өзгөрүүлөрдү иш тажрыйбабызда байкай алдык. Ар бир студент жоопкерчиликтүү мамиле жасап, берилген тапшырмаларын өз убагында мыкты аткарууга аракет кылып жатышкандыгын жана өздөрүнө болгон ишенимдин жогору болуп жаткандыгын аткарып жаткан тапшырмаларынан байкоого болот. Студенттин “Саламатсызбы?” деп учурашканы биздин жан дүйнөбүздү кандай нурлантат.

КЕСИПКӨЙ ОКУТУУЧУ, ЧЫГАРМАЧЫЛ ИНСАН

КЕСИПКӨЙ ОКУТУУЧУ, ЧЫГАРМАЧЫЛ ИНСАН

КЕСИПКӨЙ ОКУТУУЧУ, ЧЫГАРМАЧЫЛ ИНСАН

КЕСИПКӨЙ ОКУТУУЧУ, ЧЫГАРМАЧЫЛ ИНСАН

КЕСИПКӨЙ ОКУТУУЧУ, ЧЫГАРМАЧЫЛ ИНСАН

Сөзүбүз курулай кургак болбосун деп, аталган окуу жайдын КМТШИ “Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы” адистигинин студенттери мындай оор кырдаалда мекенине өз салымын кошуп жатышат. Алардын мекенге кошкон салымы – сапаттуу билим алууга умтулуусу. Биздин аракет – студенттердин ой чабытын кеӊейтүү, активдүү, эрудициясы күчтүү, таланттуу, билимдүү жана компетенттүү инсан болуп калыптанышына жол көрсөтүү. Башка сунушталган технологиянын тиркемелерине жана колдонулуп жаткан платформаларга караганда сабакты биз жөнөкөй ватсап тиркемеси аркылуу өтүп жатабыз. Анткени бул тиркеме ар бир студент менен катардагы окутуучуга да салыштырмалуу ыңгайлуу болот экен. Кайсы аймакта болбосун байланыш үзгүлтүккө учурабоо кепилдиги бар. Биздин студенттердин дээрлик көпчүлүгү аймактарда болгондуктан AVN маалымат порталы менен байланыш бир аз кыйынчылыктарды жаратты. Анткени студенттерге маалымат порталы аркылуу окуу материалын жеткизүү жеңил болгон жок. Алсак айрым студенттердин компьютерлери жок болсо, айрым аймактарда интернеттин жакшы иштебегендиги, ал тургай студенттер эмес кээ бир окутуучулардын компьютер, ноутбуктары жок экендигин көөдөнгө кантип сактап жашырмакпыз. Кандай болбосун билим алуунун ыкмасын, жолун таап билим берүү деген арабанын ок жыгачын алга сүрөөдөбүз.

КЕСИПКӨЙ ОКУТУУЧУ, ЧЫГАРМАЧЫЛ ИНСАН

КЕСИПКӨЙ ОКУТУУЧУ, ЧЫГАРМАЧЫЛ ИНСАН

КЕСИПКӨЙ ОКУТУУЧУ, ЧЫГАРМАЧЫЛ ИНСАН

Биз сабак учурунда ушул тиркеме аркылуу эле студенттерге сабакты түшүндүрүп берүүгө аракет жасап, алар аткара турган тапшырмаларга багыт көрсөтүп жатабыз. Айтайын дегеним, студенттерим “иий эже, кантип аткарабыз?”, – деп иренжибестен бардыгы Чолпонбайдай дзотко төшүн тосуп, кош колдоп, берилген айрым маалыматтарга суктанып, “макул эже, аткарабыз!”, – деп жүрөк жылытышты. “Жүрөк жылыса бата бергенге барабар” деп айтылгандай, студенттерим менен сыймыктанам деп дагы бир жолу баса айткым келет.

Учурда билим алып жаткан И. Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин ар бир студенти эмгек рыногу талап кылган өз адисин мыкты билген жашоого, турмушка керектүү кесипкөй инсандардан болушунуна тилектешмин.

Бири-бирибизди баалаганды үйрөндүк

Учурда коом мүчөсү болгон бизге эң сонун мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Ден соолуктун кадырын ооруганда билерсиң, ата-энеңдин кадырын алыстаганда билерсиң, убакыттын кадырын өткөн кезде билерсиң деп айтылгандай, биз эң биринчи бири-бирибизди баалаганды үйрөндүк.

Үйдө ата-энелер балдарын, аны менен катар бизди колдобосо, сабак өтүүгө тиешелүү техника менен жабдып бербесе, биздин аракеттерибиз текке кетмек. Анткени окутуучу, ата-эне жана студент бир аралдагы, бир максатты, бир тилекти көздөгөн кеме. Көпчүлүк ата-энелердин “карантин бүтсүн, андан кийин деле окуп жетише алат” деген ойду кармануусу чоң жаңылыштык, себеби мындай учурда студент алдына келген ишти кийинкиге жылдырса болот деген аң-сезими калыптана бериши толук мүмкүн. Үй-бүлөсүнөн колдоо күткөндүктөн студенттердин мындай учурда билим алуусуна ата-энелердин катышуусу абдан маанилүү. Билим алууга умтулган студенттерибизге ата-энелер да туура түшүнүү менен мамиле жасап, колдоо көрсөткөнү максатка ылайык. Атап айтканда, үй тапшырмасын аткаруусуна көмөк көрсөтүп, шарт түзүп, көӊүл бөлгөнү – студенттин билим алуусуна чоӊ өбөлгө.

Ыраазычылык жана тилек

Бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарып, студенттерге талаптагыдай шарт түзүп, бизди туура түшүнгөн жана колдогон ата-энелерге чоң ыраазычылык билдиребиз. Учурдан пайдаланып, коомчулукту китеп окуп, жан дүйнөнү азыктандырууга, чет тилдерин үйрөнүүгө, спорт менен машыгууга чакырабыз.

Аны менен катар “Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун” дейт эмеспи, элибизде. Бүгүнкү күндө дүйнөнү дүрбөлөңгө салган мындай кырдаалда да ар бир кесибин сүйгөн агартуучу сапаттуу билим берүү үчүн болгон күч аракетин жумшаса мекенге кошкон салымы деп туялы.

Ошондой эле И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин жалпы жааматынын атынан ар бир кесибин сүйгөн, өз убактыларын аябаган жалпы агартуучуларга кажыбас кайрат, ачык көңүл, ден соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Мамлектибизде жүрөгү мекен деп соккон патриоттуу, жоопкерчиликтүү, билимдүү жаштардын катары көбөйсүн.

Даярдаган Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер