КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИ БААЛАНДЫ

  • 05.02.2019
  • 0

Жакында эле  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тапшырган  мамлекеттик сыйлыктарга жана ардактуу наамдарга ондон ашуун мугалимдер ээ болушту. Алардын бири 1979-жылдан бери Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылынын Абыл Искендеров атындагы орто мектебинин физика сабагынын мугалими Дүйшөгүл Алтыбаева. Ал  “КР Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген мугалими” наамына татыктуу болду.

КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИ БААЛАНДЫ

Дүйшөгүл Алтыбаева  Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында 1957-жылы 1- ноябрда туулган. 1974-жылы Кара-Булуң орто мектебин алдыңкы окуучулардын бири болуп бүтүрүп, ошол эле жылы  Фрунзе шаарындагы 50 жылдык Улуттук мамлекеттик университетинин физика факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.

Мектепте эмгектенип баштагандан тарта өз ишин так аткарып, окуучуларды окутууда жаңы ыкмаларды колдонуп, өзүнүн иш тажрыйбасын бир эле мектеп ичинде эмес, район, облус, керек болсо республикага жайылтып келатат. Ал ар кандай окуу куралдарды колдонуу менен ачык сабактарды көп өтүп, өсүп келе жаткан жаштарга өрнөк.

Дүйшөгүл Алтыбаева 39 жылдык билим берүүдөгү эмгек жолунда бай тажрыйба топтоп, жүздөгөн окуучулардын жүрөгүнөн түнөк тапты.  Ал окуу процессин мыкты уюштурууда, жаш муундарга  татыктуу таалим-тарбия берүүдө ар дайым көрсөткүчтүү алдыңкы усулдарды колдоно билет. Мектеп жамаатында иштин көзүн билген мыкты педагог, окутуучу катары бааланат.

Ал 39 жылдын ичинде көптөгөн жетишкендиктердин натыйжасында мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын сыйлыктарына жана ыраазычылык каттарына ээ болуп келди. Анын айрымдарына көз чаптырып көрөлү.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Дүйшөгүл Алтыбаеванын кесипкөй, кайталангыс педагогикалык талантын жогору баалап, республикалык олимпиадага окуучуларды эң жогорку деңгээлде даярдап, мыкты көрсөткүчтөргө жеткиргендиги үчүн жана күнүмдүк талыкпас эмгектен жаралган зор ийгилиги Кыргызстандын интеллектуалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп келатканын белгилеп, ыраазычылык катын жөнөткөн. Ошондой эле өткөн жылы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “2018-жыл — Региондорду өнүктүрүү жылында” райондун социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы, ак ниет эмгеги, жараткан ийгиликтери менен мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендиги жана жылдын жыйынтыгы менен “Мыкты мугалим” номинациясына ээ болгон.

  • Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштар менен тыгыз байланышта, ошондуктан жаш муунду тарбиялоодо мугалимдердин эмгеги өзгөчө сый-урматка татыктуу деп белгиледи өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков. Чындыгында эле биздин эмгегибиз бааланды. Эч кимге эч нерсе бербей эле, эч кандай таанышсыз эле татыктуулар сыйлыкка көрсөтүлүп, алса болот экен, — дейт элеттик мугалим.

Дүйшөгүл Алтыбаева  интеллектуалдык потенциалы бийик, таланттуу, ар тараптан өзүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган элеттик мугалим.

Сыйлыктары:

2001-2013-2015-2016-2017-жылдары билим берүү тармагында үзүрлүү эмгеги, жетишкен ийгиликтери жана облустук олимпиадага активдүү катышкандыгы үчүн Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун беш жолку ардак грамотасы;

2004-жылы  Кыргыз Республикасынын Билим берүү отличниги;

2007-2012-2014-2017-жылдары билим берүү тармагында окутуу, тарбиялоо иштеринде жетишкен ийгиликтери, сиңирген эмгеги жана окуучулар арасында райондук деңгээлде өткөрүлгөн олимпиадада жетишкен ийгиликтери үчүн Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн 4 жолку грамотасы;

2009-2013-жылдары окуучуларга билим, тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн 4  жолку ардак грамотасы;

2012-жылы  “2012-жыл  — үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк” жылынын алкагында жазылып чыккан “Аялзаты үйдүн куту, коомдун күчү (Ат-Башы айымдары)” китебине кирген (79-бет);

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган Иштерман жылын жогорку уюшкандыкта өткөрүүдөгү аракети, Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын “2013-жыл иштерман жылынын” төш белгиси жана диплому;

2013-2014-2015-2018-жылдары билим берүүдөгү жетишкендиги үчүн А.Искендеров атындагы стипендиянын 9 жолку стипендианты;

2015-2017-2018-жылдары окуучуларга терең билим-тарбия берүүдөгү эмгеги,  иштеген ишиндеги жетишкен ийгиликтери жана билим сапатын жогорулатууга кошкон салымы жана даярдаган окуучусу республикалык олимпиадада 3-орунду камсыз кылгандыгы үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 3 жолку ардак грамотасы;

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “2015-жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылында” Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө кошкон зор салымы жана өз ишинде жараткан ийгиликтери үчүн Ат-Башы райондук администрациясынын “Жылдын мыкты мугалими” номинациясынын диплому;

2016-жылы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы;

2016-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардактуу айымы” орденинин жана күбөлүгүнүн ээси;

2016-жылы мектептин билим деңгээлин көтөрүүдө кошкон зор эмгеги үчүн “Кара-Булуң ынтымагы” коомдук бирикмесинин ыраазычылык каты;

2016-жылы мектеп аралык жана райондук, облустук, республикалык олимпиадаларга катышып байгелүү орундарды алып келгендиги үчүн жана жаш жеткинчектерди тарбиялоодо кошкон зор салымы үчүн Кара-Коюн айылдык кеңешинин ыраазычылык каты;

2017-жылы предметтик олимпиадага катышып республикадан байгелүү 3-орунду камсыз кылды;

2017-жылы жаш муундарга терең билим жана татыктуу тарбия берүүдөгү кесипкөй эмгеги үчүн Нарын облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыраазычылык каты;

2017-жылы Саякбай манасчы эл аралык фондунун ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында “Жылдын мыкты мугалими” номинациясынын төш белгиси жана ардак грамотасы;

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Аялдар конгресси тарабынан жазылып чыккан “Женщины Кыргызстана” китебинин 4-томуна кирген (112-бет);

2017-жылы Кара-Коюн айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана күбөлүгүнүн ээси;

2017-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан уюштурулган “Ардактуу кызыл килем” аркылуу өтүп, баалуу белектердин 2 жолку ээси;

2018-жылы предметтик олимпиадага катышып республикадан байгелүү 2-орунду камсыз кылды;

2018- жылы “Көйкашка” коомдук бирикмесинин “Жылдын мугалими” төш белгиси жана күбөлүгү;

2018-жылы окуучуларга билим берүүдө кошкон салымы үчүн Кара-Коюн айылдык кеңешинин ардак грамотасы.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер