КЕСИБИМ МЕНИН МУГАЛИМ

  • 01.11.2022
  • 0

Жашоого жол көрсөткөн адам экен
Акыл айтып, асыл эмгек сөзү менен.
Ар дайым жакшы болсо экен деп
Балдар үчүн аябай жанын берген.

Жарык күндү берсе сага ата-энең
Эрезеге агай-эжең жеткирген.
Ата-энеден кем көрбөгүн аларды
Көңүл кушун бөпөлөп билим берген.

Өзүн да, балдарын да унуткарып,
Өзгөнүн балдарына күйүп жанып,
Кара жанын карч уруп эмгектенет
Ооруса да мектептен калбай барып.

Келечекке жол ачып багыт берген,
Мээримин балдарына төгүп келген,
Караңгыдан жол таап кетсе экен деп
Күйүп турган чырактай жарык берген.

Эркайым Мамытова.
Чүй облусу, Аламүдүн району, Арчалы айылы.

Бөлүшүү

Комментарийлер