КЕРЕГЕ-ТАШТАГЫ УНИКАЛДУУ МЕКТЕП

  • 05.02.2019
  • 0

Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылындагы Ж.Алышбаев атындагы мектеп өтө уникалдуу билим берүү мекемеси. Анткени 1989-жылдан баштап академик Азиз Салиевдин автордук мектебинде музыкалык көркөм-эстетикалык сабактар окутулуп келген.  Мектеп эстетикалык сабакты тереңдетип окутуу боюнча улуттук аспаптарда: комузда, ооз комузда, чоорлордун бардык түрлөрүндө ойногонду үйрөтүп, эксперимент болуп кирген. Сабактан тышкаркы убактарда мектептин 50% чейинки окуучулары тартылып, 15 мугалим ушул багытта  эмгектенчү. Эксперименттик программа менен 2006-жылга чейин иш алып барышкан. Кийин өкмөттүн токтомуна ылайык, бюджеттен каржылоо токтотулуп, сабактар ийрим катары гана кирип калган.  Учурда 120 бала комузда  окушат. Алар өлкөнүн жети дубанында өткөрүлгөн ар кандай сынактарга катышып, байгелүү орундарды жеңип келишүүдө. Мектептин окуучулары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эки жыл катары сахнага чыгып, мектептин атын чыгарышты. Ошондой эле Астанада өткөн Салттуу музыканын дүйнөлүк 49 конгрессине Кыргызстандын атынан алты окуучу катышып, бир эле мектеп эмес, өлкөнүн атын чыгарып  келишти.

КЕРЕГЕ-ТАШТАГЫ УНИКАЛДУУ МЕКТЕП

«Таланттуу бала талпынган куштай, кумары  канбас асманга  учпайт»

Мектепке киргенде эле дубалдарда мектептин ишмердүүлүгүнө байланыштуу отчеттор, дубал газеталар, улуу инсандардын накыл сөздөрү көзгө урунду. “Ниетиңди оңдоп, пейлиңди бузба, ачкөздүккө азгырылба, баардыгы Теңирдин жазганы менен болот” деген айтылуу Кыдыр акенин сөзү кирген адамды өзүнө тартып турат. Бул Кыдыр акенин айылы болгондуктан, ал улуу инсандын накыл сөздөрү менен окуучуларды окутуп, тарбиялоодо өзгөчөлөнтүп колдонуп келишет. Менимче, бул накыл сөздөрдөн кийин мугалимдер, окуучулар эле эмес, кирген-чыккан адамдар дагы рухун тазалап, бийик болгонго аракет кылат болуш керек.

Ж.Алышбаев атындагы мектептин директору Анара Бегалиеванын айтуусу боюнча,  мектепте 640 окуучуга 48 мугалим билим берип келатат. Мектепке даярдоо боюнча 480 саат менен 44 окуучу учурда билим алып жатышат. Жалпысынан 25 класс комплекти бар.

  • Биздин мектептин өзгөчөлүгү – 1989-жылдан баштап академик Азиз Салиевдин автордук мектеби болуп эксперименталдык негизде иштей баштаган. Залкар комузчулар, музыканттар чыкпаганы менен  көптөгөн бүтүрүүчүлөрүбүз ушул чөйрөдө иштеп келишүүдө. Алсак, Жумакеева Гүлкайыр ансамбль жетекчиси, Бишкек шаарындагы окуу жайларда  комуз сабагынын мугалимдери болуп эмгектенип жатышкан Болотова Нурия, Жумалиева Алина, Аалиева Гүлмиралар музыкалык училищаны бүтүрүшкөн. Учурда музыкалык училищада  беш бүтүрүүчүбүз билим алууда. Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда  2-курста бир окуучубуз билим алып жатат. Музыкалык  багытында иштеп, окуп кетпесе да  биздин окуучулар фольклордук  кыргыз музыкасын уга билген, аны сүйгөн, барктаган, алып жүрүүчү жарандар катары окуп, тарбия алып жатышат. КР  “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын  17-беренесинин  4-пунктуна ылайык. «… кошумча билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде билим берүү программаларынын атайын курстарынын мазмундарына карата талаптар ата-энелер тарабынан каржылансын» деп белгиленген. Ошондуктан 2003-жылдан баштап, бул багытта бюджеттик каржылоо кыскартылып, 2006-жылы толугу менен токтотулган. Ошондуктан  улуттук аспаптарга үйрөтүү сааттары ийримге которулган, — дейт директор. — Негизи кошумча  окутууларды  ата-эне каржылайт деген  өкмөттүн  токтому  бар. Бирок бизде ата-энелер бир-эки ай каржылап, андан кийин төлөбөй койгондугуна байланыштуу, ийримде  окута  баштадык. Эгерде мурда 15 мугалим  музыкалык  аспаптарда  ойногонду 150-160 окуучуга билим берип келсе, кийин  мугалимдердин саны кыскарып  отуруп, учурда бир эле мугалим  калды. Айрым ата-энелер  балдарынын  өнүгүп-өсүшүнө кам көрүп, 200 сомдон  төлөп  окуткандар да жок эмес, — дейт мектеп  жетекчиси.
  • КЕРЕГЕ-ТАШТАГЫ УНИКАЛДУУ МЕКТЕП

«Өнөрү түгөнбөс азык, жоголбос байлык»

Окуучулардын көбү улуттук аспаптарды сыйлоочу, комузду алып жүрүүчү зээндүү инсан болуп тарбияланып жатышканын көрүп кубандык. Айганыш Мамыралиева азыр 120 окуучуну сабактан кийин беш чыгарманы ойноону окутуп, даярдап жатат. Сабак  жумасына  эки жолу бир  сааттан  окутулат.

  • Балдарга көп берсең, какап  калат. Мурда угуусун текшерип  алчумун, “аракет кылса – берекет” дегендей, азыр кызыккан балдарды алып, үйрөтүп жатам. Эң башкысы, окуучулар математиканы жакшы билиши   керек, анан көрүү жана угуу сезимдери күчтүү болушу зарыл. Нотасы жок эле үйрөтөм. 28 бала төрт аспапта ойношот: чопо чоордо, домбрада, кыл кыякта жана ооз комузда, — дейт музыка мугалими.

Айганыш   Мамыралиева  мектептин бүтүрүүчүсү. Учурда 120 окуучуну отургузуп комуз черттирип, аларды ийримде алып жүрүүсү эле мугалимдин чоң чеберчилигин жана өзүнүн ишин сүйгөндүгүн далилдеп турат.

Сапатка умтулуу

Мындан эки жыл мурун мектептин окуучусу Илгиз  Жумаев 218 балл алып, жамаатты бир кубанткан. Өткөн жылы бир бүтүрүүчү болгону 189 балл алса, орточо 120 балл топтошуп, 32 окуучунун сегизи бюджетке өтүп, калгандары контракта окуп жатышат. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жамааттын далаалатты чоң. Билим менен катар тарбия ишине дагы чоң көңүл бурулат. Айылдык балдар терс жолго түшүп кетпеш үчүн мектептин артына атайын футбол аятнчасын куруп беришкен. Мектептин айлана-чөйрөсү темир менен тосулуп, жарык жаркырап күйүп турат.

Ата-эненин жардамы дем-күч берет

Юридикалык каттоодон өткөн Камкорчулар кеңеши иштейт.  Ата-энелер  жылына 200 сом төлөшөт. Камкорчулар кеңешинин төрагасы Шадыканов Жолдошбекке өтүнмө жазып, мектепке, класска керектүү нерселерге акча бөлдүртүп алышат. Мектептин бир корпусу 20 жылдан бери оңдолбой, авариялык абалда турат. Ошондуктан мектептеги склад жана кийим чечкен бөлмөлөрдү окуганга ылайыкташтырып, класска айлантышкан. Ошондуктан склад жок болуп калганына байланыштуу ата-энелер 40 тонналык контейнер сатып беришкен. Анда көмөкчү чарбадан түшкөн дан азыктары, ашканага керектүү  как, кум шекер, күрүч ж.б.у.с. азык-түлүктөр сакталат.

Көмөкчү чарба

  • Айыл өкмөтүнүн (ФПС) арендага берилчү жеринен 5 га. жерди иштетип келатабыз.

Агрономиялык тартипти сактап буудай, картошка айдайбыз. Учурда контейнерде жети тонна буудайыбыз сакталууда. Андан тышкары 16 тонна картошкабызды айылдык тургун менен сүйлөшүп, анын сактоочу жайына жайгаштырганбыз. Буюрса, жазында аларды сатып, мектепке пайдаланабыз. Көмөкчү чарбадан түшкөн каражатка бир жылы мектептин айланасын темирден тосуп алсак, бир жылы балдарды, мугалимдерди ар кандай сынактарга ташыганга чакан автобус, ошондой эле талаа иштерин жүргүзгөнгө, мектептин айлана-чөйрөсүндөгү акыр-чикирди чыгарганга ГАЗ-53 автоунаасын сатып алганга жетишкенбиз. Биз жогору жактан жардам күтүп отурбай, өзүбүзгө иштей бергенди жактырабыз. Ал эми мектептин жогоруда эске алынган кичи футбол талаасы да ушул көмөкчү чарбанын эсебинен курулган, — дейт Анара Бегалиева.

Китеп — билим булагы

Китепканада 2500 адабий китеп болсо, анын 1500 орус тилинде.  6900 окуу китептери бар экен. Китепканада мектептин бүтүрүүчүсү алып берген интерактивдүү такта коюлган. Мугалимдер керектүү теманы өтөөрдө сабакты китепканада өтөт экен. Китепканада окуу залы кошо эске алынып, окуучулар каалагандай отуруп сабакка, кошумча билим алууга  бардык шарттар бар.

Окуучуларга мотивация берген упай ыкмасы

Камкорчулар кеңеши балдардын мотивациясын көтөрүш үчүн упай ыкмасы аркылуу каражат бөлөт. Бул ыкманын максаты —  окуучуларды өз алдынчалуулукка, коммуникабелдүүлүккө жана тыкандыкка, тактыкка тарбиялоону көздөйт. ”Упай” топтоо иштиктүү оюну көп жылдардан бери иштеп келатат. Балдардын өзүн-өзү башкаруучу уюму аркылуу 5-11-класстын ар бир классы күн сайын окуусу, тартиби, катышы, тазалыгы, формасынын кийип келиши бааланат.

  • Мисалы, “5” деген баага 15 балл, төрткө он балл, үчкө беш балл, экиге – 5, ошентип класстар өздөрүнө упай топтошот. Тазалыгы үчүн 50 упай , толук катышкан класс 100 упай топтоп алат. Жылдын жыйынтыгы менен упайларды Камкорчулар кеңешинин чечими менен сомго айландырып беребиз. Бул ыкма менен балдар бири-бирин тарбиялашат.  Топтогон акча менен балдар же экскурсияга барышат, же классына керектүү нерсе алышат. Былтыркы жылы жеңишке чыккан класс 2500 сом алып, Караколго экскурсияга барып, тарыхый жерлер менен таанышып келишти. Кээ бир класстар 1000 сом, кээси 100 сом, ал эми кээ бир класстар артка кетиши да мүмкүн. Бул ыкма ортоңку звенодогу класстарга таасири чоң, — дейт Анара Бегалиева.

Мектептин сыймыктары

  • Мектеп сыймыктанган эжей-агайлар өтө көп. Маселен, биолог мугалим Чолпон Абдрахманова менен  сыймыктанам. Кандай гана тесттерге окуучулары катышпасын, жемиштүү келишет. Себеби, бул натыйжалардын ачкычы эмгекчилдикте деп ойлойм. Жогоруда айткан Айганыш  Мамыралиева окуучулары менен мектепти эле эмес, Кыргызстандын атын чыгарып жатышат. Ал эми Тынчтык Токтосунов агайдын классы дайыма упай топтоо боюнча 1-орунду алып келатышат. Ал үлгүлүү класс жетеки, — дейт директор.

Улуу инсандарга арналган музей

Бул айылдан чыккан профессор Ж.Алышбаев, Кыргыз Эл баатыры, академик М.Мамакеев ж.б. инсандарга арналган атайын музей дагы бар экен. Музей үч бөлүктөн турат. Биринчиси — профессор Ж.Алышбаевдин отуруп иштеген үстөлү, телефону, иштери, документтери, сүрөттөрү, ошондой эле бюсту коюлган бурч болсо, экинчиси, Кыргыз Эл баатыры, академик Мамбет Мамакеевге арналган бурч. Ошондой эле айтылуу айылдын аксакалы Кыдыр акенин дагы бурчунда толук  маалыматтар топтолгон экен. Бирок анын баарын Ак-Сууда музей ачылганына байланыштуу, алып кетишиптир.  Андыктан ал бурч азыр  айылдан чыккан биринчи педагог Масталиев агайга арналыптыр.

Музейде айылдан чогултулган тарыхый идиш-аяктар: бишкек, соко, жаргылчак, чок менен ысытылган үтүк ж.б.у.с. орто жеринде турат.  Мындан сырткары макеттен жасалган ат жабдыктары менен коюлган. “Аталар мектебинин” мугалими Алдашов Бакыт  эркек балдарга атты токуганды, кайсы жагынан минээрин үйрөтөт. Ошондой эле ат жабдыктарына басым жасайт. Ошентип, окуучулар музейге кирип, көрсөтмөлүү сабактан көп нерсени үйрөнүшөт.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим” Бишкек – Каракол — Бишкек

Бөлүшүү

Комментарийлер