КЕМИНДИН КИЧИНЕКЕЙ КЕЛЕЧЕК КУРУУЧУЛАРЫ
- 06.10.2026
- 0
Кемин районунун Кашкелең айылындагы “Кереметтүү Баластан” бала бакчасында өткөн “Келечек шаарын курабыз” аттуу семинар Чүй облусундагы билим берүү тармагынын жетекчилеринин, бала бакча башчыларынын башын кошту. Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Р.Султанов, жетектөөчү адиси К.Абдраева, райондук билим берүү башчылары жана башка чакырылган ардактуу коноктор райондо алгачкылардан болуп киргизилген “Орбитал” балдар технопаркы менен таанышты. Семинарды ачкан райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Якупова аталган технопарк райондун акими Канболот Тутуевдин жеке демилгеси жана колдоосу менен жайылтылып жатканын белгилеп, бул бала бакча балдар технопаркы менен жабдылган райондогу экинчи бала бакча экенин белгиледи.

Чоң идеялар чакан кадамдардан башталат
Райондун акими, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрүнүн жакындан колдоосу менен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде уюштурулуп жаткан мына ушундай заманбап технологиялар, STEAM ыкмалары балдардын чыгармачылык, изилдөөчүлүк жана логикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүп, келечекке жол салары анык.
Уюштуруучулар белгилегендей, бул иш-чаранын максаты — мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык өнүктүрүү боюнча бөлүмдөрүнүн мектепке чейинки билим берүүдөгү ролун көрсөтүү. Модераторлор “Орбитал” балдар технопаркынын максаты, STEAM мамилеси, жабдуулардын билим берүү процессиндеги орду жана практикалык колдонулушу жөнүндө кыскача маалымат беришти.
“Келечек шаарын куруучулардын” практикалык иш көрсөтмө учурунда беш орбита бир убакта иштеп, ар бир зонада бир педагог эки-үч баланын катышуусунда иш алып барды. Коноктор модераторлордон орбиталар боюнча маалымат алышып, каалоочулар өздөрү да активдүү катышты. “Келечек шаарынын акылдуу жолу” робо орбитасынын практикалык ишине кызыккан Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев бүгүнкү күндө балдардын бала бакчалардан баштап өнүгүүсүнө жакшы көңүл бурулуп жатканын, ушундай жабдуулар балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө түрткү болорун айтты.
— Бала бакчаларды ушундай жабдуу зарылдыгын жакшы түшүнүп, каржылык жактан колдогон айыл өкмөт башчысына ыраазы болуп турам. Бул — билим берүүгө кошкон салым, келечекке болгон инвестиция экени талашсыз чындык. Балдар кичинекей курактан баштап эле айлана-чөйрөсү, жаратылышы менен таанышып, ал жөнүндө кеңири маалымат алып жатканы, көркөм шаар курууга аракет кылганы — эң сонун көрүнүш. Баарыбыз ушундай колдоо көрсөткөнгө аракеттенишибиз керек деп ойлойм. Жергиликтүү бийлик билим берүү мекемелерин колдоп, ушундай кооз жана эң керектүү окуу методикалык курал жабдыктары менен камсыздап турса, ийгиликтер жарала береринде шек жок. Мына, биз балдар өздөрү көрүп, кызыгып, өз колу менен жасап жатканына күбө болдук. Ушунун баары балдардын келечекте жаратман жаран болуп калыптанышына жасалган кадамдар, — деп белгиледи ал, оюндун жүрүшүнө кызыкканын жашырбай.

Бүгүнкү технологиялар – эртеңки өнүгүүнүн пайдубалы
Робо орбитанын педагогу, тарбиячы Раушан Бейшенбекованын айтымында, бул оюндар балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, мейкиндикти түшүнүгүн жана көйгөйдү чечүү жөндөмүн өнүктүрөт.
— “Орбитал” балдар технопаркы бала бакчага абдан керектүү экенине иш жүзүндө ынандык. Бала оюн аркылуу бала бакчага барган маршрутун түзгөндү, оң-солду ажыратканды, санаганды үйрөнөт, анын бул билими кийин мектепке барганда да пайдалуу болот. Ар бир орбита балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт. Мисалы, балдар конструкциялоонун жардамы менен ар түрдүү буюмдарды жасай алат. Эко-орбитада тартылуу, түртүлүү күчүн көрсөткөн ар түрдүү эксперименттерди жүргүзсө болот. Мында балдар келечек шаарын изилдөөнү санариптик микроскоп, “Кош изилдөөчү” топтому, сенсордук түзүктөр, чоңойткучтар жана магниттердин жардамы менен байкоо, салыштыруу сыяктуу жөнөкөй тажрыйбаларды жүргүзө алат. Ал эми медиа-орбитанын мультстудиясында сюжет түзүү, каармандарды кыймылга келтирүү жана “Келечек шаары” боюнча чакан медиа-продукт даярдай алат. Этно-орбитада болсо, аты айтып тургандай эле этнодидактикалык материалдар аркылуу улуттук элементтерди таанып, салыштырып, аларды “Келечек шаарынын” мазмунуна киргизет.
Натыйжада ар бир орбитада жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы бириктирилет жана балдардын жасаган иштеринин жана технопарктын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт. Балдар идеяларды иш-аракеттердин, өнөктөштөрдүн жардамы менен иш жүзүнө ашырганда жыйынтыгы кандай болорун, келечекти билимдүү балдар гана биригип кура аларын билишет, — дейт тарбиячы ынанымдуу.
Бала бакчанын директору Динара Баймуратованын айтымында, ачылганына төрт жылдын жүзү болгон бала бакчада учурда 93 бала тарбияланууда. Динара айым мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ар тараптуу өнүктүрүүгө салым кошуучу долбоорлорду жазып, гранттарды алуу менен бала бакчанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө далалаттанган аракетчил жетекчилердин бири.
— Биздин мекеме 2022-жылы ачылган. Директордун милдетин аткаруучу болуп 2024-жылы келгем. Бала бакча өзү 100 балага ылайыкталган, учурда 93 бала бар. Кол алдымда 25 кызматкер иштейт, алардын ичинен алты тарбиячы, музыкант, орус тилчи, ашкана ашпозчусу, тарбиячынын жардамчысы, чарба башчысы ж.б. бар. Мен мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тиешелүү кандай долбоор, грант, сынактар болсо дароо катышууга аракеттенемин. Андыктан кандай жетишпеген жактар болсо долбоор жазып толуктап келатабыз, — дейт.
Ар бир аткарылган иштин артында жетекчинин кылдат көзөмөлү турат
Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айгүл Ниязалиева “Орбитал” балдар технопаркын сатып алаардан мурда, атайын уюштурулган семинарда анын материалдары менен таанышып, иш жүзүндө байкап көрүшкөнүн айтты.
— Бишкек шаарындагы бала бакчаларда жайылтылып жаткан “Орбитал” балдар технопаркын көрүп биз да аябай кызыкканбыз. Технопаркты Россиядан эң биринчилерден болуп алып келип балдарга үйрөтүүгө далалаттанып жүргөн кесиптешибиз Индира Дууланованы көпчүлүгү “Орбитал” балдар технопаркынын “апасы” деп коюшат. Чындыгында ошого татыктуу айым. Биздин районго Индира Дууланова өзү атайын келип, бала бакчалардын тарбиячыларына семинар-тренинг өтүп кеткен эле. Алгачкылардан болуп Орловка шаарындагы “Томирис” бала бакчасы жана Кашкелең айылындагы “Кереметтүү Баластан” бала бакчасы камсыз болду. Балдардын жаркын келечегине кам көрүп 350 миң сом каражат бөлүп берген Орловка шаарынын мэрине жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына терең ыраазычылык билдиребиз. Бул жабдууларды башка бала бакчалар да алып колдонсо болот. Жабдуулар методикалык колдонмолору менен толук жабдылган, эгерде кимдир бирөөгө түшүнүксүз болсо, методикалык колдонмолорунан карап үйрөнүп алат, — дейт Айгүл Кубатбековна.

Келген меймандар тарбиячылардын жардамы менен тартылган Кеминдин жаркын келечеги жөнүндөгү видео роликти көрүштү. Анда кичинекей бөбөктөрдүн кыялындагы Кеминдин келечеги – жаркыраган жаңы соода борборлору, инфраструктуралары, дүркүрөп өскөн өнөр жайы, өндүрүшү, жаңы технологиялар менен курулган завод-фабрикалары, заманбап мектептер, бала бакчалар, көркөмү көз тайгылткан сейил бактары… Экрандан райондун акиминин “Ушундай гүлдөгөн Кеминди силердин кыялыңар жана билимиңер курат, жаратмандардын мезгили келди” деген чакырыгы кичинекей бөбөктөрдү эле эмес, баарыбызды таттуу кыялдарга жетеледи.
Кемин райондук администрация башчысынын орун басары А.Жуманалиева жыйынтыктоо сөзүндө өнүгүү жолунда келаткан Кыргызстандын келечеги мына ушул кичинекей бөбөктөрдүн кыялынан башталаарына бекем ишенерин белгиледи.
— Кыргызстаныбыз өнүгүү жолунда келатат. Айрыкча, билим берүү жаатына көп колдоолор көрсөтүлүп, чоң инвестициялар бөлүнүп жатат. Балдарыбыз кийин башка өлкөлөргө барганда “Биз ушунун баарын бала кезден көргөнбүз, биз муну билебиз” — деп турса кандай сонун! Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыскача маалымат бере кетейин. Учурда дагы эки бала бакчанын эски имараты жаңыртылууда. Акыркы эки жылдын ичинде районубуздагы 30 мектептин ичинен 17 мектептин материалдык-техникалык базасын толугу менен жаңырттык. Жакын арада аларды интерактивдүү панелдер менен жабдыйбыз. Эми кезек бала бакчаларга жетип, акырындан жардамдар көрсөтүлүп келатат. Ушунун баары райондун акими Канболот Тутуевдин жетекчилиги менен аткарылып жатканын белгилеп кетким келет. Ал өзү ар бир ишке кылдат мамиле кылган, колдоо көрсөтүүгө умтулган жетекчи катары кандай жаңы иш башталса, өзү көзөмөлдөп турат, — дейт.
Менин байкашымча, балдардын ойлонуу, изденүү жөндөмдөрүн ар түрдүү багытта өнүктүрүү ыкмалары камтылган “Орбитал” балдар технопаркы элет жеринде тургай, баш калаабыз Бишкектин бардык эле бала бакчаларында ачыла элек болсо керек. Жогоруда билим берүү тармагынын өкүлдөрү белгилегендей, заманбап технологиялардын жардамы менен өсүп-өнүгүүгө, өзгөчө жаш муундардын суроо-талабына шайкеш иштегенге умтулган, замандын күрөө тамырын шыр кармаган жетекчилер көп болсо, келечек шаар куруу кыялы тез эле ишке ашарында шек жок.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”