КЕМИНДЕГИ ОКУУЧУ КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ: БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ЭНЕ-АТАЛАРГА КАЙРЫЛДЫ

  • 22.06.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кемин орто мектебинин 9-классынын бүтүрүүчүсү Х.О. өлүмүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, мектеп окуучуларынын жайкы каникул маалында ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак кармоо үчүн ата-энелерди балдарына дыкат көңүл бурууга чакырды.

«Маалым болгондой, кайгылуу окуя ушул жылдын 21-июнунда болгон. Ага чейин Х.О. толук эмес орто билим жөнүндөгү күбөлүгүн алган. Көргөндөрдүн айтымында, ошол күнү ал күндүзгү саат 12ге жакын үй-бүлөсүнүн жер тилкесиндеги чарбагын сугарганы Берикбаев көчөсүнө барган. Көп узабай анын жансыз денеси табылган. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ыкчам маалыматтары боюнча, 1979-жылы туулган шектүү киши кармалган, азыр тергөө иштери жүрүүдө»,-деп айтылат министрликтин кайрылуусунда.

Х.О. 2005-жылы төрөлгөн. Бул мектепте ал 4-класстан бери окуп келаткан. Анын үй-бүлөсү Алматы шаарынан көчүп келген.

Мектептин администрациясынын мүнөздөмөсү боюнча ал токтоо, жоош-момун, эмгекчил кыз болчу, окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылчу.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер