Кеминде жапайы тоо эчкисине мыйзамсыз аңчылык кылган жаран аныкталды

  • 25.08.2023
  • 0

Чүй облусунун Кемин районунда тыюу салынган жаныбарга мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Кеминде жапайы тоо эчкисине мыйзамсыз аңчылык кылган жаран аныкталды

Маалыматка ылайык, министрликтин Кемин райондук бөлүмүнүн кызматкерлери, аңчы адиси НАБУнун (Германиянын жаратылышты коргоо моюзу) Барс тобунун кызматкерлери менен биргеликте Көк-Ойрок айылынын Долон-Оту коктусунан К.А. аттуу жаранды кармашкан.

Анын убактылуу турак-жайы — чатырынан уруксат документтери жок жапайы тоо текенин жарым эти жана ИЖ-12 үлгүсүндөгү бир стволдуу мылтык табылган. Ага карата тиешелүү акт жана протокол түзүлүп, мыйзамга ылайык айып салынган.

Бөлүшүү

Комментарийлер