“КЕМИН-АКЫЛАЙДЫН” ТАРБИЯЧЫСЫ АЛДЫДА

  • 14.03.2024
  • 0

Кемин шаарындагы «Кемин-Акылай» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын Кемин райондук тандоо туру болуп өттү. Ага 11 мектепке чейинки билим берүү мекемеси эң жакшы даярдыктар менен катышты.

“КЕМИН-АКЫЛАЙДЫН” ТАРБИЯЧЫСЫ АЛДЫДА

Таймаштын жүрүшүндө тарбиячылардын чыгармачылык изденүүсү, балдардын шык-жөндөмүн ачууда алардын жаш балапан жүрөктөрүнө «Улутум — кыргыз, урааным — Манас!» деген бийик сезимди уялатууга жасаган талыкпас аракеттери таасын байкалып турду. Эпостогу үзүндүлөргө жараша улуттук кийимдерди кийген балдар, жоокердик курал-жарак жана башка керектүү жасалгалар менен жабдылган сценкалары көңүлдү көкөлөттү.

“КЕМИН-АКЫЛАЙДЫН” ТАРБИЯЧЫСЫ АЛДЫДА

Тандоо турунда «Кемин-Акылай» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин намысын коргогон Нуржамал Супабаева тарбиячы болуп эмгектенген жогорку тайпанын тарбиялануучулары башкалардан айырмаланды. Каармандардын ролдору кылдат тандалгандыктан, балдар ар бир каармандын образын кызыгуу жана берилүү менен аткарышты.

Калыстардын тандоосу боюнча тарбиячы Нуржамал Супабаеванын тарбиялануучулары «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын райондук турунун жеңүүчүлөрү деп табылды. Эми алар таймаштын облустук туруна Кемин районунун атынан катышмакчы.

“КЕМИН-АКЫЛАЙДЫН” ТАРБИЯЧЫСЫ АЛДЫДА

Нуржамал Курмановна Супабаева борборубуздагы И.Арабаев атындагы университеттен жогорку билимге ээ болгон.

«Кемин — Акылай» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 2018-жылдан бери эмгектенет. Ал талыкпай изденүү жолундагы алдыңкы жана чыгармачыл тарбиячылардын бири.

Кенже АБДЫЛДАЕВА,

Кемин району

Бөлүшүү

Комментарийлер