КЭМБРИДЖТИН ОКУУ ПРОГРАММАЛАРЫН САТЫП АЛУУГА ДАЯРБЫЗ

  • 06.04.2023
  • 0

Өтүп жаткан форумда Министрлер кабинетинин төрагасы жаш муундарды бүгүнкү жана эртенки күнгө эмес, келечекке даярдап билим берүү өзгөчө маанилүү  экенин айтты.

КЭМБРИДЖТИН ОКУУ ПРОГРАММАЛАРЫН САТЫП АЛУУГА ДАЯРБЫЗ
— Дүйнөдө технология эбегейсиз өнүгүүдө. Балдарыбызды компьютерди колдонууга үйрөтүшүбүз керек. Азыр секундасына 15 млн операция жазаган компьютерлер чыгып жатат. А биз балдарыбызды кайсы тармакка окутуп жатабыз? Жакынкы 10 жылда бир канча тармактагы жумуштарды компьютер аткарып, 1 млрд адамдын жумушсуз калаары айтылууда. Ошондуктан балдарыбызга заманбап технологияны, компьютер менен иштөөнү көбүрөөк үйрөтүшүбүз керек. Учурдан пайдаланып Эл аралык өнөктөштөргө Кембриджтин окуу программаларын сатып алууга даяр экенибизди айткым келет. Мүмкүн болсо быйыл эле сатып алып, басылмалардан чыгарып, мектептерге таратабыз,-деди. Ошондой эле төрага быйылкы жылдын эсебинен 100 мектеп куруларын, 2025-жылга чейин бир да авариялык мектеп болбой турганын, бул президенттин негизги тапшырмасы экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер