КЕЛЕЧЕКТИ КӨРӨ БИЛГЕН КЫРААКЫ ОКУМУШТУУ

  • 25.09.2024
  • 0

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин башкы илимий жетекчиси,  экономика илимдеринин доктору, профессор, эл ишенимине ээ болгон, эл — журтунун батасы тийген инсан Төлөбек Кадыралиевич Камчыбеков кечээ жакында 75 жашка чыкты. Төмөндө биз билим, илим тармагына өзгөчө эмгек сиңирген окумуштуу агай тууралуу сөз кылмакчыбыз.

КЕЛЕЧЕКТИ КӨРӨ БИЛГЕН КЫРААКЫ ОКУМУШТУУ

Кечээ жакында Төлөбек Камчыбековдун 75 жылдык мааракесине карата ”Экономикалык ойдун өнүгүүсү: изилдөөлөр жана чечүүнүн жолдору” аттуу эл аралык экономикалык форум өткөрүлдү. Бул кутман курак жөн эле келип калган жок. Кыргызстандын билим берүүсүнө, өлкөбүздүн экономикалык, социалдык өнүгүшүнө зор салым кошуу менен бирге түмөн түйшүктү артынып, эл кадырына алынып, 75 жаштын салтанатын куруп турган убак.

Төлөбек Камчыбеков 2009-жылы Москва шаарынын Россия мамлекеттик соода-экономикалык университетинин ардактуу профессору, ошол эле жылы, Москва шаарындагы Менеджмент жана рынок академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган. Андан сырткары, КРнын Инженердик Академиясынын корреспондент-мүчөсү, Россия Табигый илимдер Академиясынын академиги (Москва ш.), Эл аралык Славян билим берүү, искусство жана маданият Илимдер Академиясынын академиги (Москва ш. РФ), КРнын билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери, “Манас” орденинин кавалери, айтор сыйлык, наамдарын санап отуруп, бүтпөйсүң. Демек, жогорудагы сыйлыктарды жөн адам ала койбойт.

КЕЛЕЧЕКТИ КӨРӨ БИЛГЕН КЫРААКЫ ОКУМУШТУУ

Төлөбек Кадыралиевичтин кыраакылыгы- алдыдагы он-он беш жылды көрө билип, ага карай мамиле жасагандыгында. Ошондуктан, жаштарга мүмкүнчүлүктү, аларга шартты түзө билгендиги менен башка жетекчилерден айырмаланат. Бул көсөм адамдын дагы бир артыкчылыгы- адамды карап туруп, анын эмнеге жөндөмү бар, ошого жараша ишти жүктөй алгандыгында. Натыйжа ала турган адистерди тандай билиши, адис маселесин аңдай алышы менен да айырмаланат.

Бүгүнкү күндө көп эле, мекеме, ишканалар, алтүгүл, мамлекеттик башкаруу органдары, аткаруу бийликтери адис маселесинен аксагандыктан, республикабыздын социалдык-экономикалык абалы чынында, чабал болуп жатпайбы. Демек, адис маселесин биринчи орунга коюп, жаштарга жол берип гана койбостон, түшүндүрүп, алдына жолду чаап берип, колдоо көрсөтүп, анан барып талап коюп, иштин жыйынтыгын алат.

“Адамды эки нерсе картайтпайт тез: бири – жакшы мүнөз, экинчиси – жакшы сөз”,- деп Жусуп Баласагын айткандай, бул эки нерсе тең Төлөбек Кадыралиевичке таандык. Себеби, бул керемет адамга улуу кайрылабы, кичүү кайрылабы баарына жардамын аябайт. Студенттерге өзгөчө мамиле кылуу менен алардын маселесин жеринен чечет. Бир сөз менен айтканда, профессор Т.Камчыбеков улуттук жогорку билим берүү тармагынын өнүгүшүнө опол-тоодой эмгек сиңирген белгилүү менеджер, көрүнүктүү окумуштуу, таланттуу педагог жана адамгерчилик менен таза ыйманды бийик туткан мекенчил инсан.

КЕЛЕЧЕКТИ КӨРӨ БИЛГЕН КЫРААКЫ ОКУМУШТУУ

Учурунда, агайдын насаатчылары, илим-билимде болобу, кызматта болобу залкарлардан таалим-тарбия алганы, келип-келип биздин муунга таасири тийип, жардам бергени эмне деген даанышмандык. Биз ушул адамдай билгенибизди, алганыбызды кийинки муунга өткөрүп бере алабызбы? Бул чоң суроого жооп бериш үчүн талыкпай эмгектенип, изденип, кийинки муунга өткөрө тургандай дарамет жыйнашыбыз керек.

Бүгүнкү күнү КЭУ – экономика багыты боюнча билим берүүчү кызматтарды көрсөткөн, өлкөнүн бардык тармактарынын кадрларынын жалпыга таанылган илим-билим ордосу болуп саналат. КЭУ – бул билим берүүнүн көп баскычтуу үзгүлтүксүз тутумунда түзүлгөн мамлекеттик адистештирилген жаңы типтеги: лицей — колледж — университет — магистратура — аспирантура – докторантура  түзүмдөрүн  камтыган  жогорку  илимий -изилдөөчү окуу  жай.

Бөлүшүү

Комментарийлер