КЕЛЕЧЕКТИ БИРГЕ КУРАБЫЗ

  • 07.12.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинин Дүйнөлүк тилдер кафедрасы “Building the future together (Келечекти бирге курабыз)” аттуу интеллектуалдык конкурс уюштурду.

КЕЛЕЧЕКТИ БИРГЕ КУРАБЫЗ

Аталган конкурска биринчи курстун студенттери катышып, англис тилин үйрөнүүдө теориялык алган билимдерин практикада чыңдашты. Иш-чара студенттерди англис тилинде сүйлөө жөндөмүн жогорулатуу, көйгөйлүү шарттарда маселелерди чечүүгө туура ой жүгүртүү жана адистикке байланышкан темаларды, долбоорлорду баяндап берүүгө даярдоо максатында өткөрүлдү.

КЕЛЕЧЕКТИ БИРГЕ КУРАБЫЗ

Конкурстун жыйынтыгында биринчи орунду “Unaffected” (СТР-23) командасы, экинчи орунду “Architects “(АРХ-23) командасы, ал эми үчүнчү орунду  “Meta group” (ДAC-Диз-23) командасы ээледи.  Жеңүүчү командалар Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер