КЕЛЕЧЕКТЕГИ ЭСЕПЧИЛЕРДИН ВЕБИНАРЫ

  • 08.05.2020
  • 0

ОшТУ студенттердин жана жаш илимпоздордун илимий изилдөө иштерин активдештирүү, кызматташтыкты  кеңейтүү, изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн онлайн аянтча түзүү максатында “Санариптештирүү шартында  эл аралык стандарттар боюнча бухгалтердик эсеп, анализ жана аудитти өркүндөтүү” аттуу жождор аралык вебинар өткөрдү.

КЕЛЕЧЕКТЕГИ ЭСЕПЧИЛЕРДИН ВЕБИНАРЫ

Ага бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит профили боюнча адистерди даярдаган бардык ЖОЖдордун студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы катышты. Анда ондон ашуун студенттин баяндамасы угулуп, мыктылары аныкталып, сыйлыктар ыйгарылды. Баяндамаларды адилеттүү баалоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Жыйынтыгында ОшТУнун диплому жана акчалай сыйлык менен: 1-орун — Бультурукова Акбаяна, КЭУ 1000 сом; 2-орун — Жумабеков Адахан, КМТУ (700 сом); 3-орун — Кенетаев Мелис,  К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУ (500 сом) сыйланды.

Экономика жана башкаруу факультетинин диплому жана акчалай сыйлык менен: 1-орун — Зундуева Таттыбүбү, Ош МУ (500 сом); 2-орун — Газбеков Кенешбек, КЭУ (300 сом); 3-орун — Иманкулова Айдай, КУУ (200 сом) сыйланды.

Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын диплому жана акчалай сыйлык менен дагы үч студент: 1-орун — Нурбекова Асыл, ТМУ (500 сом); 2-орун — Токтосунова Айгерим, ЖАМУ (300 сом) жана 3-орун — Мадакова Мээрим, ОшТУ (200 сом) менен сыйланышты.

Жыйынтыгында студенттердин жана жаш илимпоздордун илимий изилдөө иштери боюнча кызматташтыкты күчөтүү жана ИИИнин жыйынтыктары менен алмашуу; санариптештирүү шартында эл аралык стандарттар боюнча бухгалтердик эсеп, анализ жана аудитти өркүндөтүү; өлкөнүн аймактарынын өнүгүүсүнө кошкон салымы боюнча  жогорку окуу жайлардын жаш илимпоздорунун жана студенттеринин ушул багытта жүргүзгөн изилдөөлөрүн илимий басылмага басып чыгарууга көмөктөшүү зарылчылыктары айтылган  резолюция кабыл алынды.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер