КЕЛЕЧЕККЕ ИШЕНИМ АРТКАН ЖАШТАР

  • 16.04.2026
  • 0

Бүгүн Кара-Балта шаарындагы Жайыл Баатыр атындагы лицейдин окуучулары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына экскурсия жасап, анын тарыхы жана ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты.

КЕЛЕЧЕККЕ ИШЕНИМ АРТКАН ЖАШТАР

Бул иш-чара жаштардын мамлекеттик түзүлүш тууралуу билимин кеңейтүүгө жана жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталды.
Экскурсия учурунда окуучулар парламенттин иштөө тартиби, мыйзам чыгаруу процесси жана өлкөнүн саясий турмушундагы орду тууралуу маалымат алышты. Алар өздөрүнүн кызыккан суроолорун берип, жооптуу адистерден кеңири түшүндүрмөлөрдү угушту.
Мындай иш-чаралар жаштардын дүйнө таанымын кеңейтип, аларды активдүү жана жоопкерчиликтүү жаран болууга үндөйт. Окуучулардын креативдүү ойлору жана келечекке болгон позитивдүү көз карашы коом үчүн чоң үмүт жаратат.

Салкынай САЛМООРБЕКОВА, “Кут Билим”, И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер