«КЕЛЕЧЕК» КЕЛЕЧЕККЕ КОЛ СУНАТ

  • 23.10.2021
  • 0

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде окуучулардын «Келечек» өзүн-өзү башкаруу уюмуна караштуу «Манас» «Семетей» жана “Сейтек ”кошуундарынын президенттеринин “Ант берүү” аземи болуп өттү.

"КЕЛЕЧЕК" КЕЛЕЧЕККЕ КОЛ СУНАТ

Парламентке талапкер болуп келишкен окуучулар өздөрүнүн жаңы идеяларын сунуштап, программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгышкан. Жыйынтыгында, «эң мыкты» деп табылган долбоор, программалардын авторлору мектеп-лицейдин парламентине шайланды.

"КЕЛЕЧЕК" КЕЛЕЧЕККЕ КОЛ СУНАТ

Кошуундарды шайлоонун негизги максаты – өсүп келе жаткан жаш муунду мекен, эл, жер алдында милдетин биле жүрүүгө, улууларды урматтоого, кичүүлөрдү ызаттоого үйрөтүү, жаштайынан өзүндө лидерлик сапаттарды тарбиялоого мектеп партасынан багыттоо болуп эсептелет.

Табалдиева Нурмира, Бишкек шаарындагы Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер