КЕЛЕЧЕК БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

  • 18.08.2025
  • 0

Ош шаарында өтүп жаткан педагогикалык форумга катышкан КР Президентинин администрация жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев өз сөзүндө мектепке чейинки курактагы балдардын бала бакчаларга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана билим берүүнү жакшыртуу багытындагы аткарылып жаткан алгылыктуу аракеттерди белгиледи.

— Президентибиз Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен коомубузда олуттуу оң өзгөрүүлөр болуп жатат. Билим берүү системасындагы абал да кескин жакшыртылып келатат. Мугалимдердин эмгек акысы жогорулады, жаңы мектеп, бала бакчалар салынды. Билим берүү системасына бюджеттен бөлүнгөн каражаттар төрт жылдын ичинде эки эсе өстү. Ушул убакыттын ичинде 322 мектеп, 81 бала бакча имараттары курулуп жана оңдолуп, учурда иштеп жатат. Азыр кай жерде болбосун, салынган мектеп, бала бакчалардын имараттарынын көлөмүндө гана айырма болбосо, сапаттарынын баары бирдей жогору. Өкмөт билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында заманбап инфраструктураларды куруу, санариптик технологияларын кеңири колдонуу, кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу багытында бир катар аракеттерди аткарууда. Мугалимдерге тиешелүү бардык зарыл шарттар түзүлүп, материалдык абалын жакшыртуу, турак жай менен камсыздоо багытында жигердүү аракеттер көрүлүп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз, — деди ал.

Докладчы андан аркы сөзүндө көрүлгөн чаралардын баары мугалимдердин ишине деп күч берип, кесипкөйлүктүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө бекем ишеним жаратаарын билдирди.

Эгерде биз мурда бөбөктөрдүн кээ бир шык-жөндөмдөрүн сенсация катары белгилеп, өзгөчө көрүнүш катары көрүп келген болсок, азыр бала бакчадагы балдардын бир нече тилди эркин өздөштүрүп жатканына таң калбай деле калдык. Андыктан биз башкалардан артта калбай, дүйнө жүзүндө практикаланып жаткан балдарды эрте курактан окутууга басым жасообуз абзел. Бул багытта бир катар алгылыктуу аракеттер жасалды. Алсак, өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу үчүн ашыкча катаал талаптар азайтылды. Эми жарандар өз үйлөрүндө бала бакчаларды ачып иштете алат.

Расмий маалыматтар боюнча учурда 300дөн ашык жеке ишкерлер бала бакча ачып, 7500дөн ашык бала барат. 2030-жылга чейинки улуттук программада балдарды 80 пайыз бала бакча менен камсыздоо максаты коюлган. Учурда жаңы имараттарды куруудан башка бош турган мекеме имараттарын бала бакча катары натыйжалуу колдонуу, мурда менчиктештирилип кеткен бала бакча имараттарын кайра кайтаруу иштери да жигердүү жүрүп жатканына күбөбүз. Андан тышкары, жеке менчик бала бакчаларды өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Ушунун баары мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жанданганынан кабар берет.

Азамат Кадыралиев өз сөзүндө алдыда дагы аткарыла турган чоң иштер бар экендигин, айрыкча, аймактардагы бала бакчалардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, тарбиячылардын кадрлардын сапатын күчөтүү, тарбиялык жана методикалык иштердин мазмунун жаңылоо зарылдыгын белгиледи. Ал эми электрондоштурулган система аркылуу кайсы аймактарда бала бакча жана мектеп имараттарын куруу керектигин аныктоо оңой болоорун айтты. Тагыраак айтканда, кайсы айылда жана шаарда канча бала төрөлгөнү тууралуу маалымат дароо Агартуу министрликке жетип, ал кайсы жерде балдардын саны канча экендигин жана канча бала бакча жана мектеп куруу керектиги тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигине, ал өз кезегинде Каржы министрлигине маалымат жеткирип турмакчы.

— Урматтуу жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилери! Биздин алдыбызда так жана амбициялуу максат турат. Алты жашка чейинки балдарды бала бакча менен камсыздоону 80 пайызга чейин көтөрүү үчүн пайдаланылбай бош жаткан социалдык обьектилерди бала бакча катары ишке киргизүү, жетпеген аймактарга жаңы муниципалдык бала бакчаларды курууну пландаштыруу керек. Ошондо биздин  электрондоштурулган система үзгүлтүксүз иштеп, канча бала бакча жана канча мектеп керектиги тууралуу алдын-ала билип турууга болот, — деди А.Кадыралиев.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер