КЕЛЕЧЕК БҮГҮНТӨН БАШТАЛАТ

  • 01.06.2022
  • 0

Кара-Көл шаарында мектеп окуучуларын социалдык жактан өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган «Келечек үчүн бирдиктүү кадам» долбоору өз ишин жемиштүү аяктады.

Дээрлик бир айга созулган бул жергиликтүү жамааттык долбоорду энергетиктер шаарчасындагы «Элдер достугу» эл аралык билим берүү комплекси жана «Ак кеме» китеп дүкөнү демилгелеп, шаардык билим берүү, маданият бөлүмдөрү, ички иштер башкармалыгы, шаардагы орто мектептер, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Кара-Көл колледжи, Кыргызстан Кызыл Ай коому, жарандык жана ыктыярчы жаштар коомчулугу  колдоого алды.
Уюштуруучулардын айтуусунда жергиликтүү долбоор жаштардын интеллектуалдык, социалдык, руханий-маданият өнүгүүсүнө салым кошууну жана алардын мекенчилдик, атуулдук жоопкерчилик сезимдерин курчутууну, коомдогу экономикалык абалга байланышкан «кризистик толкундарга» туруктуулугун камсыз кылууну көздөдү.

— Биз алгач шаардагы мектептердин жогорку класс окуучулары менен жолугуп, аларды долбоордун максаты менен тааныштырдык. Жаштардын болочок долбоорго кызыгуусу зор болду. Анан ар бир мектептен өз каалоосу менен эң мыкты жана эң начар окуган бештен окуучуну тандап алдык. Долбоордун төрт күнү катышуучуларды программа талаптары менен тааныштырууга  арналды. Балдар топторго бөлүнүп иштөөгө, башка бирөөнүн пикирин баалоого үйрөнүштү, — дейт «Элдер достугу» эл аралык билим берүү комплексинин жетекчиси, долбоор демилгечиси Алмаз Эшназаров.

КЕЛЕЧЕК БҮГҮНТӨН БАШТАЛАТ

Жемиштүү аяктаган долбоордун эң башкы максаттарынын бири, жогоруда Алмаз Эшназаров белгилеп өткөндөй, бул жаштарды ынтымактуулукка, адилеттүүлүккө, чынчылдыкка чакыруу аркылуу алардын социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүү болчу. Бул милдетти долбоордогу жаштар кынтыксыз аткарышты десек болот. Алар топтордо иштөөдө укуктук, социалдык этика жана  жүрүм-турум нормаларын сактоонун зарылдыгын билишти.
Учурда  окуп-түшүнүүдө мээнин сол жарым шарын активдештирүүгө багытталган көнүгүүлөрдү аткартуунун мааниси тууралуу көп айтылып келет. Азыркы долбоордо жаштардын сүйлөө-кеп чеберчилигин өстүрүүгө, өз оюн мазмундуу жазууга жана түшүндүрүүгө, логикалык ойломун калыптандырууга, текстти тез окууга көнүктүрүүгө бөтөнчө маани берилди. Бул иштер алдын-ала түзүлгөн Ватсап топторуна  тиешелүү тексттерди бөлүшүү аркылуу жетишилди.

— Жаштардын китеп окуу каалоосун өрчүтүү максатында биз «Сынган кылыч» жана «Маркумдар үнү» романдарын алдын-ала түзүлгөн Ватсап топторго сунуштадык. Улан-кыздар мектептердин адабият мугалимдери менен биргеликте  эки романдагы тарыхий окшоштуктар  менен айырмачылыктарды талдоого алышты. Улуу инсандардын өрнөктүү өмүр жолуна көз салып, баа берип, алардын  мекенчилдик сезимдери бийиктеди,  — деп белгилейт долбоор жетекчилеринин бири,  «Ак кеме» дүкөнүнүн ээси Бакыт Шейшенбаев.

КЕЛЕЧЕК БҮГҮНТӨН БАШТАЛАТ

Эми долбоор алкагында аткарылган иштерди атай кетсек. Демилгечи жаштар Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата шаардык деңгээлде веложүрүш уюштуруп, буга улай шаардык борборлоштурулган ооруканадан офтальмологдун катышуусунда катаракта жана глаукома көз ооруларына жаштарды текшерүүнү колго алышты. Каржылык сабаттуулукка жана  медиа сабаттуулукка үйрөткөн тренингдер да максаттуу өттү. Билим берүү тутумундагы окуп жаткандардын, педагогдордун,  ата-энелердин укуктары жана милдеттери жөнүндөгү маанилүү жыйын тарбия иштери боюнча уюштуруучулардын, соцпедагогдордун, шаардык билим берүү бөлүмүнүн адистеринин катышуусунда болду. Мындан сырткары, жаштарды максат коюп жашоого жанан маалымат менен иштөөгө үйрөткөн тренингдер да өз максатына жетти.
Жаштардын социалдык активдүүлүгүн жогорулаткан бул долбоордун аягында  катышуучуларга тиешелүү сертификаттар зор салтанат менен тапшырылды.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, «КутБилим»

Бөлүшүү

Комментарийлер