КЕЛЕЧЕГИҢДИН ПАЙДУБАЛЫН ИШЕНИМДҮҮ ТҮПТƟГҮҢ КЕЛСЕ, КЫРГЫЗ — ƟЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ ПАЙДАЛАН!

  • 20.05.2025
  • 0

КЕЛЕЧЕГИҢДИН ПАЙДУБАЛЫН ИШЕНИМДҮҮ ТҮПТƟГҮҢ КЕЛСЕ, КЫРГЫЗ -  ƟЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ ПАЙДАЛАН!

Достук ордендʏʏ ɵзгɵчɵ окуу жай

Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети ɵлкɵбʏздɵ илим жана билим берʏʏ ишмердиги аркылуу достуктун алтын ордосуна айланган, эл аралык статустагы, Достук ордендʏʏ ɵзгɵчɵ окуу жай. Университеттин курамындагы алты факультет, ʏч колледж жана ɵндʏрʏшкɵ керектʏʏ адистерди кыска мɵɵнɵттɵ даярдап чыгарган кесиптик лицей инновациялык технологиялар менен жабдылган Ош шаарындагы жети, Ала-Бука районундагы эки окуу корпусунда кесиптик билим берʏʏ ишмердигин жʏргʏзɵт.

 

Эл аралык деңгээлдеги окумуштуу илимпоздор эмгектенет

Университеттин адистештирилген кафедра жана циклдеринде эмгектенген профессордук-окутуучулар курамында эл аралык деңгээлдеги окумуштуу илимпоздор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Инженердик академиясынын академиктери, мʏчɵ-корреспонденттери, Кыргыз Республикасынын билим берʏʏсʏнɵ жана илимине эмгек сиңирген ишмерлер, илимдин докторлору жана профессорлор, илимдин кандидатары жана доценттер, тажрыйбалуу методист окутуучулар дʏйнɵлʏк стандарттын негизинде алтымыштан ашуун билим берʏʏ программасынын алкагында кесиптик билим берʏʏ ишмердигин алып барат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ окуу жайдын кʏндʏзгʏ жана сырттан окуу бɵлʏмдɵрʏндɵ он жети миңге чукул студент билим алууда.

КЕЛЕЧЕГИҢДИН ПАЙДУБАЛЫН ИШЕНИМДҮҮ ТҮПТƟГҮҢ КЕЛСЕ, КЫРГЫЗ -  ƟЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ ПАЙДАЛАН!

Татыктуу билим ʏчʏн бардык шарттар тʏзʏлгɵн

 Китеп фонду бир жарым миллиондон ашык керектʏʏ адабияттардан турган китепкана, окуу залдары жаңы кɵз караштагы студентердин жагымдуу жайы. Дʏйнɵлʏк интернет желесине туташтырылган компьютердик класстар, электрондук китепкана керектʏʏ маалыматтарды ыкчам табууга өбөлгө. Юридикалык билим берʏʏ багытындагы токтом каанасы Ɵкмɵт жана Жогорку Кеңеш тарабынан чыгарылган жаңы мыйзамдар, токтомдор менен ɵз учурунда таанышып, аларды туура пайдаланууга шарт тʏзɵт. Ошондой эле алыскы жана жакынкы чет ɵлкɵлɵргɵ барууну каалаган жарандар ʏчʏн ошол мамлекеттин керектʏʏ мыйзамдары менен алдын ала таанышып, ал мыйзамдарга ылайык ɵзʏнʏн милдеттерин жана укуктарын так билишине кɵмɵктɵшɵт. Юридикалык клиника бир эле студенттер ʏчʏн эмес, жалпы жарандар ʏчʏн кызмат кылат. Калкыбыздын саламаттыгын камсыз кылуу багытында медициналык клиника пайдаланылат.

КЕЛЕЧЕГИҢДИН ПАЙДУБАЛЫН ИШЕНИМДҮҮ ТҮПТƟГҮҢ КЕЛСЕ, КЫРГЫЗ -  ƟЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ ПАЙДАЛАН!

Чет ɵлкɵлʏк мекеме-уюмдар менен кызматташкан илимий жана тил ʏйрɵнʏʏ борборлору

Дʏйнɵнʏн жʏз элʏʏдɵн ашык жогорку окуу жайлары, илим изилдɵɵ мекемелери, эл аралык ири компаниялар, чет ɵлкɵлʏк мекеме-уюмдар менен кызматташкан университеттин базасындагы корей, немис, англис, тʏрк тилдерин ʏйрɵнʏʏ борборлору аркылуу кыска убакыт аралыгында каалаган чет тилин өздөштүрүүгө болот. Ал эми мамлекеттик тил борбору, Манас таануу, Айтматов таануу, славян жана ɵзбек маданий борборлору жергебизде жашаган бардык этностордун тарыхын, маданиятын, нарк-насилин ʏйрɵнʏп, ɵнʏктʏрʏʏ максатында пайдаланылат. Окуу процессин уюштуруп, башкаруу ʏчʏн AVN маалыматтык системасы жайылтылган. Университет билим берʏʏ ишмердигин жʏргʏзɵ баштаган алгачкы учурдан баштап, илимий изилдɵɵнʏн борбору, билим булагы катары таанылган. Жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржыланган илимий долбоорлордун аткарылышы аркылуу таанылган 9 илимий борбордон турган Инновациялык изилдɵɵ институту негизделген. Ал илимий борборлордо 14 багыт боюнча кабыл алынган аспиранттар (PHD) докторанттар илимий изилдɵɵ иштерин алып барууда.

 

КЕЛЕЧЕГИҢДИН ПАЙДУБАЛЫН ИШЕНИМДҮҮ ТҮПТƟГҮҢ КЕЛСЕ, КЫРГЫЗ -  ƟЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ ПАЙДАЛАН!

Эл аралык байланыш

Университет экинчи ирет эл аралык институционалдык жана программалык аккредитациядан ийгиликтʏʏ ɵттʏ. Анын негизинде кесиптик билим берʏʏ жана илимий ишмердиги ырааттуу ɵнʏгʏʏ жолуна тʏштʏ. Бир канча эл аралык уюмдардын, бирикмелердин мʏчɵсʏ катары катталды. ТҮРКСОЙ, ЮНЕСКОНУН жол картасы тʏзʏлʏп, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Анын негизинде университет ТҮРКСОЙ эл аралык уюму менен биргеликте дʏйнɵлʏк баалуулуктарын даңазалаган иш-чараларды ʏзгʏлтʏксʏз ɵткɵрʏп келет.  Германиянын   «FAV — Тюрингияда тренинг» доолбору аркылуу Эрфурт соода-ɵнɵр жай палатасы менен тʏзʏлгɵн эки тараптуу келишимдин негизинде Германияда кесиптик билим алууга багыт берип, мыйзамдуу жумуш ордун табууга кɵмɵктɵшɵт.

Окуу жай Орус-Кыргыз техникалык университеттеринин консорциумунун мʏчɵсʏ. 2020-2021-окуу жылынан тартып, университетте Россиянын жогорку окуу жайлары менен биргеликте кош диплом берʏʏ программасын жʏзɵгɵ ашыра баштады. Тагыраак айтканда,   Устинов атындагы «ВОЕНМЕХ» Балтия мамлекеттик техникалык университети менен болгон программалык келишим боюнча, студенттерге экинчи дипломго ээ болуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ берилет.

 

КЕЛЕЧЕГИҢДИН ПАЙДУБАЛЫН ИШЕНИМДҮҮ ТҮПТƟГҮҢ КЕЛСЕ, КЫРГЫЗ -  ƟЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ ПАЙДАЛАН!

КƟЭАУ — кесипкɵй адистердин ордосу

Инженердик-технологиялык, юридика-экономикалык, эл аралык медициналык факультеттери, медициналык колледжи, кесиптик жана Ала-Бука колледждеринин юридика-экономикалык багыттары рынок шартындагы дʏйнɵлʏк атаандаштыкта туруктуу иш ордун камсыз кыла алган кесипкɵй адистерди даярдайт. Ал эми педагогикалык багыттагы: тарых-филология, гуманитардык-педагогикалык, табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультеттеринде 12 жылдык билим берʏʏгɵ ылайыкташкан компетенттʏʏ адистерди тарбиялап чыгарат.

Университеттин базасында окуу куралдарын  басып чыгаруу багытында ɵздʏк басмакана иш алып барат. Азыркы учурда борбор  Кыргыз Республикасынын тʏштʏк аймагындагы ɵзбек тилдʏʏ мектептерге зарыл болгон окуу куралдарын даярдоо багытында ʏзгʏлтʏксʏз иш алып барууда. Ушул кʏнгɵ чейин белгиленген борбор тарабынан жʏз жетимиш эки аталыштагы     окуу куралдары  эки миллион нуска менен чыгарылып, ɵзбек тилдʏʏ мектептерге берилген.

 

КЕЛЕЧЕГИҢДИН ПАЙДУБАЛЫН ИШЕНИМДҮҮ ТҮПТƟГҮҢ КЕЛСЕ, КЫРГЫЗ -  ƟЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ ПАЙДАЛАН!

Студенттер ʏчʏн тʏзʏлгɵн мʏмкʏнчʏлʏктɵр

500 орундуу жыйындар залынан, жети тилге  синхрондук котормо аппараты менен жабдылган конференция залынан, электрондук китепканадан, ашканадан турган маданий-эстетикалык комплексинде университеттин студенттери жана профессордук-окутуучулар курамынын катышуусунда маданий-массалык иш-чаралар ʏзгʏлтʏксʏз ɵткɵрʏлʏп турат. Шаардык, облустук, республикалык деңгээлде уюштурулган маданий-массалык, спорттук иш-чараларга активдʏʏ катышып, алдыңкы орундарды багындырууда. Мындай иш-чараларды уюштурууда Жаштар комитети жигердʏʏ иш алып барат. Ал эми студенттик омбудсмен университетте, окуу жайдан сырткы чɵйрɵлɵрдɵ да студентердин укугун коргойт.  Окуу жайдын “Достук планетасы” газетасы ай сайын чыгарылып, “Достук” теле студиясы студенттердин чыгармачылык ийгиликтерин чагылдырып турат. Спорттук иш-чаралар ʏчʏн  “Достук” спорт клубу иш алып барат. Спорттук секциялар ʏчʏн спорт манежи, спорт залы, кичи футбол аянтчасы тʏзʏлгɵн.  Спорт багытында тʏзʏлгɵн мыкты шарттын натыйжаларында университеттин студенттери да, окутуучулары да шаардык, облустук, республикалык, эл аралык мелдештерде байгелʏʏ орундарды багындырып турушат.

Алыскы аймактардан келип окуган студенттер, академиялык мобилдʏʏлʏк программасы менен сырттан келген студенттер мезгил талабына жараша жабдылган студенттик жатаканага жайгаштырылат. Тажрыйба алмашуу же конок лекция окуу ʏчʏн   башка окуу жайлардан келген мугалимдер, профессорлор ʏчʏн атайын даярдалган конок ʏйʏ пайдаланылат. Ошондой эле окуу корпустарында студенттик ашканалар иштейт. Жыйынтыктап айтканда, Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университети заманбап матераилдык-техникалык базасы, жаңы кɵз караштагы окумуштуу-окутуучулары менен   билим берʏʏ жана илим багыттары боюнча изилдɵɵ иштерин жʏргʏзʏʏ аркылуу бардык этностордун маданиятын, тарыхын ɵнʏктʏрʏʏгɵ жол ачкан, биримдикти туу туткан достуктун алтын ордосу.

Жогорку билим берʏʏ:

Тарых-филология факультети

  1. Филологиялык билим берʏʏ:— англис тили/бакалавр — кʏндʏзгʏ/ — негизги тест, англис тили

—кыргыз тили жана адабияты /бакалавр — кʏндʏзгʏ, сырткы/ — негизги тест, кыргыз тили жана адабияты

—орус тили жана адабияты /бакалавр — кʏндʏзгʏ, сырткы/— негизги тест, орус тили жана адабияты

—ɵзбек тили жана адабияты /бакалавр — кʏндʏзгʏ, сырткы/— негизги тест, ɵзбек тили жана адабияты

—531100. Лингвистика /бакалавр — кʏндʏзгʏ / — негизги тест, англис тили

—550400.Социалдык-экономикалык билим берʏʏ (тарых)/бакалавр — кʏндʏзгʏ, сырткы/ — негизги тест, тарых

-Англис тили кошумча немис тили /кʏндʏзгʏ/— негизги тест, англис тили

Инженердик -технологиялык факультети

  1. Информатика жана эсептɵɵ техникасы/бакалавр-кʏндʏзгʏ, кечки/-негизги тест, физика же математика

-570700. Костюм жана текстиль искусствосу /бакалавр-кʏндʏзгʏ/-негизги тест, чыгармачылык сынак

-640200. Электроэнергетика жана электротехника /бакалавр-кʏндʏзгʏ, сырткы/- негизги тест, физика же математика

-610300. Агроинженерия (Айыл чарбаны электрофикациялоо жана автоматизациялоо)/бакалавр-кʏндʏзгʏ,сырткы/-негизги тест

-670200. Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо /бакалавр- кʏндʏзгʏ, сырткы/-негизги тест, физика же математика

-740700. Женил ɵнɵр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо /бакалавр — кʏндʏзгʏ, сырткы/ — негизги тест, физика же химия

-550800. Кесиптик билим берʏʏ /бакалавр — кʏндʏзгʏ /негизги тест,

-570400. Дизайн /бакалавр — кʏндʏзгʏ, сырткы/(ЖРТ талап кылынбайт)

-570025. Графика /адистик — кʏндʏзгʏ/(ЖРТ талап кылынбайт)

-630400. Нефти жана газ иштери / бакалавр.

Юридика-экономика факультети

-530500. Юриспруденция /бакалавр-кʏндʏзгʏ сырткы/-негизги тест, тарых

-530004. Бажы иши /адистик-кʏндʏзгʏ, сырткы/негизги тест, математика

580100.Экономика (каржы жана насыя; бухгалтердик эсеп, экономикалык коопсуздук, анализ аудит; ишканалардын экономикасы жана башкаруу; салык жана салыкка тартуу)/бакалавр -кʏндʏзгʏ, сырткы/-негизги тест, математика

-540200.Социалдык иш/бакалавр-кʏндʏзгʏ, сырткы/-негизги тест

-580200. Менеджмент/бакалавр, магистр-кʏндʏзгʏ, сырткы/-негизги тест, математика

-580500. Бизнес-информатика (кош диплом, Кыргызстан-Росиия) /бакалавр-кʏндʏзгʏ, сырткы/-негизги тест, математика

Гуманитардык-педагогикалык факультети

  1. Педагогика (башталгыч билим берʏʏнʏн педагогикасы жана методикасы, мектепке чейинки билим берʏʏнʏн педагогикасы жана методикасы)/бакалавр-кʏндʏзгʏ, сырткы/-негизги тест, кыргыз тили жана адабияты же орус тили жана адабияты

-532000. Дене тарбия /бакалавр-кʏндʏзгʏ, сырткы/ЖРТ талап кылынбайт)

—530300. Психология /бакалавр-кʏндʏзгʏ, кечки/-негизги тест.

Маалыматтык -технологиялар жана табигый гуманитардык факультети

  1. Физика-математикалык билим берʏʏ (физика,математика,информатика). бакалавр-кʏндʏзгʏ, сырткы/-негизги тест, физика же математика

-550100.Табигый илимий билим берʏʏ (химия,биология,(география-негизги тест)) /бакалавр-кʏндʏзгʏ, сырткы/-негизги тест,физика же математика

-710200. Колдонмо математика жана информатика/бакалавр-кʏндʏзгʏ, сырткы/- негизги тест, физика же математика

-710300. Колдонмо информатика /бакалавр-кʏндʏзгʏ, сырткы/-негизги тест, физика же математика

-Математика кошумча информатика багыты /кʏндʏзгʏ/— негизги тест, математика

-Физика кошумча информатика багыты /кʏндʏзгʏ/-негизги тест, физика

-Химия кошумча биология багыты /кʏндʏзгʏ/негизги тест,химия же биология

-Туризм/кʏндʏзгʏ/негизги тест, химия же биология

— Экология жана жаратылышты пайдалануу багыты/кʏндʏзгʏ/негизги тест, химия же биология

Эл аралык медициналык факультети

-560001. Дарылоо иши   (чет элдик жарандар ʏчʏн)

-560001. Дарылоо иши

-560004. Стоматология

-560005. Фармация

Магистратура бɵлʏмʏ

-550300. Филологиялык билим берʏʏ:(англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты)-магистр — кʏндʏзгʏ/сырткы

—550400. Социалдык-экономикалык билим берʏʏ (тарых) /магистр-кʏндʏзгʏ/сырткы

-550700. Педагогика (башталгыч билим берʏʏнʏн педагогикасы жана методикасы, мектепке чейинки билим берʏʏнʏн педагогикасы жана методикасы)-/магистр кʏндʏзгʏ/сырткы

—550200. Физика-математикалык билим берʏʏ (физика,математика, информатика)-/магистр кʏндʏзгʏ/сырткы

—710300. Колдонмо информатика /магистр-кʏндʏзгʏ/ сырткы

—550100.Табигый илимий билим берʏʏ (химия, биология, география)-/магистр-кʏндʏзгʏ/  сырткы

—580100. Экономика (каржы жана насыя; бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит; ишканалардын экономикасы жана башкаруу; салык жана салыкка тартуу)/магистр — кʏндʏзгʏ/сырткы

—530500. Юриспруденция /магистр-кʏндʏзгʏ/ сырткы

—710100. Информатика жана эсептее техникасы /магистр-кʏндʏзгʏ/сырткы

— 532000. Дене тарбия жана спорт /магистр-кʏндʏзгʏ

— 570700. Текстиль жана костюм искусствосу /магистр-кʏндʏзгʏ

Орто кесиптик билим берʏʏ:

Медициналык колледж

(11-класстын базасында)

-060102. Акушердик иш /окуу мɵɵнɵтʏ З жыл/

-060108. Фармация /окуу мɵɵнɵтʏ З жыл/

-060109. Медициналык айым иши/окуу мɵɵнɵтʏ 3 жыл/

-060101. Дарылоо иши /окуу мɵɵнɵтʏ З жыл 6 ай/

-060106. Ортопедиялык стоматология/окуу мɵɵнɵтʏ З жыл/

-060107. Профилактикалык стоматология — кʏндʏзгʏ 2 жыл 10 ай.

Кесиптик колледж

(9-11-класстын базасында)

  1. Тигʏʏ кийимдерин конструкциялоо, моделдештирʏʏ жана технологиясы /кʏндʏзгʏ, сырткы/

—050709. Башталгыч класстарда окутуу /кʏндʏзгʏ, сырткы/

—050713. Башталгыч билим берʏʏдɵгʏ коррекциялоочу

педагогика /кʏндʏзгʏ/

—050704. Мектепке чейинки билим берʏʏ /кʏндʏзгʏ, сырткы/

—050720. Котормо иши /кʏндʏзгʏ/

—050303. Чет тили /кʏндʏзгʏ/

—140212. Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)/кʏндʏзгʏ, сырткы/

—190604. Автоунааларды ондоо жана аларды техникалык жактан тейлɵɵ / кʏндʏзгʏ, сырткы/

—230109.  Эсептɵɵ техникасы менен автоматташтырылган

системаларды программалык камсыздоо / кʏндʏзгʏ, сырткы/

—080106. Каржы (тармактар боюнча) / кʏндʏзгʏ, сырткы/

—080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар

боюнча) /кʏндʏзгʏ, сырткы/

—030504. Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу/кʏндʏзгʏ, сырткы/

—030503. Укук таануу / кʏндʏзгʏ, сырткы/

Ала-Бука кесиптик колледжи

 (9-11-класстын базасында)

-050709. Башталгыч класстарда окутуу /кʏндʏзгʏ, сырткы/

—  050704. Мектепке чейинки билим берʏʏ /кʏндʏзгʏ, сырткы/

—  080106. Финансы (тармактар боюнча) /кʏндʏзгʏ, сырткы/

-050303. Чет тили

-230109. Эсептɵɵ техникасы менен автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо.

Кесиптик лицей

(9-11-класстын базасында)

— 5146. Тикмечи

— 5147. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь- электрик

— 7443. Тигʏʏчʏ

— 5141. Чач тарач

 

Бөлүшүү

Комментарийлер