КББА: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК
- 21.08.2026
- 0
Бүгүн, 21-августта, Бишкек шаарында «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» Улуттук педагогикалык форуму өтүп жатат. Кыргыз билим берүү академиясынын демонстрациялык зонасында 2026/2027-окуу жылына даярдык боюнча материалдар сунушталууда.

КББАнын кызматкерлери педагогдорду жаңыртылган предметтик стандарттар жана окуу программалары, календардык-тематикалык пландар, методикалык сунуштар, профилге чейинки компоненттин программалары жана мектептер үчүн Тарбиялык иш программасы менен тааныштырып жатышат.
Өлкөнүн бардык мектептеринин 8-класстарында профилге чейинки окутууну киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Мугалимдерди программалардын мазмуну, методикалык коштоо жана аларды ишке ашыруунун практикалык инструменттери боюнча маселелер кызыктырууда. Профилге чейинки окутуу окуучуларды эрте багыттоого, алардын кызыгууларын өнүктүрүүгө жана андан аркы билим алуу багытын аң-сезимдүү тандоого багытталгандыгы белгиленүүдө. Аянтчада «суроо–жооп» форматындагы ачык диалог өтүп жатат: КББАнын кызматкерлери мугалимдердин суроолоруна жооп берип, билим берүүнүн жаңыртылган мазмуну менен кантип иштөө жана жаңы окуу-методикалык материалдарды практикада кантип колдонуу керектигин кеңири түшүндүрүп жатышат.
Г.А., “КБ”